Епископ Даниил Караколдо Ыйык Троица храмында салтанаттуу сыйынууну аткарды

  10 июля 2018   На русском
Епископ Даниил совершил Всенощное бдение в храме Пресвятой Троицы в Караколе

2018-жылдын 8-июлунда, Элүүлүктүн 6-жумасында, соопкер княздар Петр жана Февронияны эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Каракол шаарында Ыйык Троица храмында салтанаттуу сыйынууну аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери кызмат өтөштү.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

«120 жылдан бери бул ыйык кейип Кыргызстан жеринде болууда, өткөн заманда көптөгөн куугунтукту баштан кечирди. Бул ыйык кейипке кайрылган ар бир динге ишенген адам, Кудай Эненин калкасы алдында дайыма жубатууга ээ болгон. Афон жазмасынын бул ыйыгы бүтүндөй биздин жерди жарыктандырып келет, кыргызстандыктардын коргоочусу жана үмүтү болуп саналат. Кудай Эне бүтүндөй адам тукумун сүйөт жана эч кимди Өзүнүн берекелүү жардамы жок калтырбайт. Тихвин иконасы – бул биз өзгөчө урматтаган жана сүйгөн ыйык нерсе. Биздин жүрөктөр Кудай Энеге карата сүйүүгө жана ыраазычылыкка толгон. Бүгүн биз өзүбүздүн анык сүйүүбүздү билдирип, жүрөгүбүздү арнап жана күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурап, бул ыйык кейипти даңктап жана анын алдында ийилип жатабыз. Ошондуктан бүгүн салтанаттуу сыйынууда акафист ыры менен биз өзүбүздүн алсыздыгыбыздан улам ыраазычылыгыбыздын аз гана бөлүгүн берүү менен, биздин Коргоочуну даңктадык».

Архипастырлык сөзүн аяктагандан кийин Улуу урматтуу Ал бардык чиркөөгө келген адамдарга ыйык кейипти эскерүү күнү улуу салтанатты өткөрүү үчүн Кудайдын бекемдигин каалады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.