Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын кызматкери Стручалин Александр Юрьевич каза болду

  24 июля 2018   На русском
Скончался сотрудник Бишкекской и Кыргызстанской епархии Стручалин Александр Юрьевич

2018-жылдын 23-июлунда кырк эки жаш курагында Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын кызматкери Стручалин Александр Юрьевич курман болгонун терең кайгыруу менен кабарлайбыз.

Александр Юрьевич Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн кызыкчылыгын татыктуу коргогон мыкты юрист болчу. Анын кесипкөй эмгеги Каракол шаарындагы Ыйык Троица приходдук храмы үчүн өзгөчө маанилүү. Ал чиркөөнүн мыкты мүчөсү, камкор ата жана мыкты түгөй болчу.

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Ыйык Троица храмынын насаатчысы, Ысык-Көл округунун благочини протоиерей Сергий Чувичкин жана епархиянын кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз Кудай жолундагы бир тууганыбыздан жана ак ниет досубуздан айрылдык. Ал дайыма биздин жүрөгүбүздө сакталып кала берет.

Панихида өтө турган орун жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.