Престольный майрамында епископ Даниил ыйык тең апостол Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  24 июля 2018   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме святой Равноапостольной Ольги

2018-жылдын 24-июлунда ыйык тең апостол Улуу княгинья Ольганы эскерүү күнү, Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниил Бишкек шаарынын “Асанбай” кичи-районундагы ыйык тең апостол Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтүштү: митрофорный протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Вадим Паскин, иерей Роман Лебедев, иерей Илья Меляков.

Ыйык Причащение алдында протоиерей Алексей Зайцев проповедь айтты.

Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин Улуу Урматтуу епископ престольный майрамынын урматына храмды айланта крест жүрүшүн башкарды.

Өзүнүн архипастырлык сөзүндө владыка ыйык княгиньянын кайраттуулугун, бийликти башкаруудагы акылмандыгын эскерди. Владыка анын жүрөгүн Кудайга болгон ишенүү өзгөрткөнүн, татаал мезгилде өлкөнү башкарууга күч бергенин жана өзүнүн тукумдарына жана орус элине Христтин ишенимин орнотууга жардам бергенин белгиледи

Ошондой эле епископ храмдын клирктерин, келүүчүлөрүн жана туулган күн ээлерин престольный майрамы менен куттуктап, аларга архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.