2018-жылдын 14-августунда Ошто Архистратиг Божий Михаил храмында 2003-2006-жылы туулган уландар арасында “Светоч” ФК байгесине мини-футбол боюнча эл аралык жолдоштук турнир өттү, ага төмөндөгү командалар катышты: «Светоч», «Ош-Сити», «Светоч-Кара-Су» жана Тажикстан Республикасынын Куляб регионунан келген «Хатлон» командасы. Бардык катышкан командалар дипломдор менен сыйланышты, ал эми машыктыруучу Бухариев Салохиддин башында турган Тажикстандан келген коноктор эстелик медалдар, белектер жана 2018 RUSSIA дүйнө чемпионатынын тобу менен сыйланышты. «Светоч» ФК администрациясы уюштуруучуларга, катышуучуларга жана күйөрмандарга кызматташтыгы жана спортко болгон сүйүүсү үчүн ыраазычылык билдирет. Кайрадан жолугушканча!