Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын администрациясы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборундагы уурдоо фактысы боюнча РИИБнан арызды артка чакыртып алууну каалайт

  23 августа 2018   На русском
Администрация Бишкекской и Кыргызстанской епархии хочет отозвать заявление из РОВД по факту кражи из Свято-Воскресенского кафедрального собора

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын пресс-кызматы 11-август түнү үч жаш жигит Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун тосмосунан өтүп, храмдын имаратына кирип жана ал жактан чиркөөгө келген адамдардын кайыр-садагалары салынган жашикти чыгарып кетүүгө аракет кылып, бирок күзөт кызматы тарабынан кармалганын билдирет. Уурдоо фактысы боюнча милиция наряды чакыртылып жана РИИБна арыз жазылган. 

20-августта кармалгандардын биринин эжеси Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсүнүн Башчысынын атына кечирим сурап кайрылуу жазган. Өзүнүн кайрылуусунда ал епископ Даниилден жээнин кечирип коюуну өтүнгөн, ал өзүнүн жоругун түшүнгөнүн жана жасаган кылмышка абдан өкүнө турганын билдирген.  

“Эгер биз бизге каршы күнөө жасагандардын күнөөсүн кечирсек, анда Кудай бизге ырайым кылууну каалайт, анткени өзүнүн боордошунун күнөөсүн кечирүү жана ага карата кайрымдуу болуу жакшы изгилик” деп үйрөткөн христиандык боорукердик принцибине ылайык, епископ Даниил кылмышкерлерди кечирүү чечимин кабыл алды. 

Бирок уурулук, ыйык жерде – Кудайдын храмында жасалган уурулук, Православ жана Ислам мыйзамдары боюнча, ошондой эле дин аралашпаган мыйзам боюнча дагы кылмыш жана жакын адамына каршы жасалган күнөө болуп саналаарын белгилей кетүү керек. Бул кылмыш биринчи кезекте кылмышкердин жан дүйнөсүнө коркунучтуу зыян келтирет. Ушуга байланыштуу епископ Даниил жаштарга өздөрүнүн адепсиз жоруктары үчүн тобо кылуу жана мындай жаман иштерден ант берип баш тартуу чакырыгы менен кайрылат. Ошондой эле епархиянын катчысы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына мыйзам бузуучулар менен профилактикалык руханий ишти жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.