Епископ Даниил Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

  31 августа 2018   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента Сооронбая Шариповича Жээнбекова и народ Кыргызстана с Днем Независимости

Улуу Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн касиеттүү жана Кудай коргогон Кыргызстанда жашап турган ар бир адам үчүн кымбат майрам. Бул майрам өз Мекенин сүйгөн, анын бүгүнкүсүн жаратып жана келечегин түптөп жаткан адамдардын майрамы.

Эгемендик алган күндөн тартып мамлекеттүүлүктү калыптандыруу жолу башталган. Бул жолду басып өтүү менен биздин жарандарыбыз кыйынчылыктарды жеңип, улуттун ийгиликтери менен жетишкендиктерине кубанышты.

Ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи салттуу адеп-ахлакты жана руханий баалуулуктарды сактап калууда турат. Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле жасоо менен гана бакубат турмушка жетүүгө болот.

Православ чиркөөсү адамдарды евангелиянын руханий-адеп баалуулуктарына тарбиялоо, бизди Жараткан-Кудайга сыйынып, биздин Мекенибизге тынчтык жана байгерчилик тилөө менен өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет.

Сизди Орус Православ Чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясына колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөм. Диндер ортосундагы тынчтыкты жана Кыргызстандын элдеринин ортосунда ынтымакты сактоо өлкөнүн туруктуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзөөрүнө ишенем.

Ар бир жолу Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрүүдө биз Сизге, биздин мамлекетибиздин Башчысына, кебелбес акылмандык, чечкиндүүлүк жана биздин Ата Мекенибизди башкарууда бекемдик берүүнү сурап, Кудайдан тиленип турабыз.

Чын дилимден сыйынуу менен Сизге, улуу урматтуу Президент мырза, чың ден соолук, руханий сергектик жана Жараткандан Сиздин эмгектериңизге ар тараптан көмөк көрсөтүүнү, Кыргызстандын бардык жашоочуларына – тынчтык, бейпилдик жана гүлдөп-өнүгүүнү тилеп турам!

Терең урматтоо менен,


Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости