Түп айылындагы Кудай Эненин Казань иконасы храмында Ортоазиядагы жаңы азап тартуучуларды жана исповедниктерди эскерүүгө арналган иш-чаралар өттү

  10 сентября 2018   На русском
В храме Казанской иконы Божией Матери села Тюп прошли мероприятия, посвященные памяти новомучеников и исповедников Среднеазиатских

7-8-сентябрда Түп айылындагы Кудай Эненин Казань иконасы храмында мурдагы Түркстан епархиясынын аймагындагы жаңы азап тартуучуларды, исповедниктерди, репрессияланган дин кызматчыларын, чиркөө кызматкерлерин, монахтарды жана карапайым адамдарды эскерүүгө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чарага Россиядан, Бишкектен, Караколдон, Кутургадан зыяратчылар келишти. Келген зыяратчыларга эскерүү тамагы берилди, андан кийин храмдын насаатчысы иеромонах Феогност келгендердин алдында кыскача баяндамасы менен чыгып сүйлөдү. Иеромонах Феогносттын баяндамасынын көп бөлүгү Түптөгү Ортоазия жаңы азап тартуучуларына арналды. Андан соң зыяратчыларга “Он биринчи патриарх” фильми көрсөтүлдү, анда Москванын жана Жалпы Орустун Ыйык Патриархы Тихондун жашоосунун негизги этаптары баяндалган.

Сегизинчи сентябрда Кудайга сыйынуу Литургиясынан кийин Казань храмынан баштап бир туугандардын мүрзөсүнө жана Бабий Лог аттуу жерде жайгашкан Эскерүү Крестине чейин  кресттүү жүрүш жасалды. Ошол жерде Ортоазия жергесинде жабыркап, өлтүрүлгөндөргө арналып панихида өткөрүлдү. Панихидадан кийин зыяратчыларга жана айыл тургундарына эскерүү тамагы тартылды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости