Ташкентте Православ жаштарынын биринчи съезди аяктады

  13 сентября 2018   На русском
В Ташкенте завершился Первый съезд православной молодежи

Бишкек жаан Кыргызстан епархиясынын жаштар иштери жана жаштар кыймылдары боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн 6-9-сентябрда Ташкент шаарында өткөн Православ жаштарынын биринчи съездине катышуу үчүн Өзбекстанга болгон иш сапары карыды.

Съезддин алкагында 6-сентябрда “Орто Азиядагы христианчылыктын тагдыры: тарыхы жана азыркысы” темасында VI илимий-агартуу окуулары болуп өттү.

Съезддин иш программасы 2 күнгө эсептелген.

6-сентябрда съезддин ачылышы болуп, анда Ташкент жана Орто Азия митрополити, Улуу урматтуу Викентий жаштарга кайрылуу сөзүндө коомдук өнүгүүнүн азыркы баскычында православ чиркөөсүнүн алдында турган маселелерди чечүүдө жаштардын биримдиги абдан маанилүү экендигин баса белгилеп жана заманбап жаштардын жашоосундагы христиан баалуулуктарынын мааниси жөнүндө айтты. Мындан тышкары, Митрополит Викентий Москва жана Жалпы Орустун Патриархы Кириллдин жана Синоддун Жаштар иши боюнча бөлүмүнүн төрагасынын милдетин аткаруучу Кирилл Сладковдун жаштарга жолдонгон кайрылууларын окуп берди. Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Илия Меляков Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин катышуучуларга жолдогон кайрылуусун окуп берди. Кайрылууда епархиялык архиерейлердин мамилеси жана паства менен биригүүсү, ошондой эле епархиялардын ортосунда өткөрүлгөн ар кандай иш-чаралар Орто Азия митрополия округунда бирдиктүү христиандык үй-бүлө түзүүгө мүмкүндүк берээри айтылган. Куттуктоо сөздөрү менен Өзбекстан, Тажикстан епархияларынын жаштар бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана съезддин меймандары – Калуга епархиясынын жаштар бөлүмүнүн өкүлдөрү дагы чыгып сүйлөштү.

Расмий ачылыштан кийин Орто Азия митрополия округуна кирген епархиялардын жаштар бөлүмдөрүнүн жана Калуга епархиясынын жаштар бөлүмүнүн иш-аракеттери тууралуу презентациялар болду. Делегаттар жекшембилик мектептерди бүтүрүп, бирок бүгүнкү күнү жаштардын клубдарынын жолугушууларына барбай жаткан өспүрүмдөрдүн маселелерине бурулду. Тоого саякаттоо, вело-жүрүштөр, жаштардын кечелери, конкурстар жана фестивалдар сыяктуу епархиялык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча ар башка епархиялардын тажрыйбасы талкууланды.

Түштөн кийин съезддин катышуучуларынын көңүлү көптөгөн башка темаларга бурулуп, алардын ичинен “христианчылык жана учур”, “Падыша азап тартуучулардын мисалында үй-бүлөлүк баалуулуктарга тарбиялоо” өңдүү олуттуу маселелер талкууланды.

Сьезддин экинчи күнү жаштарды активдүү окутууга байланыштуу болду.

Күн эки тематикалык бөлүккө бөлүндү. Биринчи жарымында катехизация боюнча практикум болуп, аны протоиерей Сергий Стаценко алып барды. Тренингде приходдук консултациялардын ыкмалары жана стресс жагдайларында  приходдук консультанттын жүрүм-турумунун варианттары талкууланды. Андан кийин тренингдин катышуучулары алган билимдерин Успенск соборунда бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.

Тренингден кийин “үчөө жүзөөнө каршы” темасында священниктер менен интерактивдүү маектешүү болду, анда жаштар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча дин кызматчыларына суроо берип, жооп алышты. Маектин жүрүшүндө илим менен православие, жасалма интеллект, адамдардын өзгөчө жөндөмдөрү жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.

Сьезддин экинчи күнүндөгү сессиялардын ортосунда Өзбек, Кыргыз жана Тажик епархияларынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда алдыдагы жылга белгиленген иш-чаралар жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер талкууланды.

Епархиялардын жаштарынын ортосунда байланыштарды чыңдоого жана биргелешип иш-чараларды өткөрүүгө  чоң көңүл бөлүндү. 2019-жылы Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездин Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө маселе талкууланды.

Түштөн кийин тренинг болуп, аны тажрыйбалуу психотерапевт алып барды. Тренинг бир нече максаттарды көздөп өткөрүлдү: дени сак жашоо образын пропагандалоо жана ар башка епархиялардын келген жаштарды бириктирүү.

Тренингден кийин съезддин бардык катышуучулары бир нече окуяга: Владимир Кудай Эне иконасына, улуу азап таруучулар Андриан менен Наталияны эскерүүгө жана Орто Азия Митрополия округунун бардык ыйыктарын эскерүүгө арналып өткөрүлгөн Всенощное бдениге катышты.

Күндүн соңунда съезддин катышуучулары үчүн уюштурулган Успенск Соборуна экскурсия Ташкент шаарына алгачкы жолу келгендер үчүн абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. 

8-сентябрда Орто Азия митрополия округунун түзүлгөнүнүн 7 жылдыгы белгиленди. Эртең менен майрамдык Литургия өткөрүлдү.  Түшкү тамактан кийин катышуучулар шаарга экскурсияга барып, анын жүрүшүндө Ташкенттин тарыхы айтылып, шаардын башкы баалуулуктарын көрүштү.

8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү жекшембилик Литургия болуп, аны иерей Илия Меляков менен диакон Дионисий Зорин бирге өткөрүштү.

9-сентябрда таң эрте съезддин катышуучулары Өзбекстан Республикасынын эң байыркы шаарларынын бири – Самарканга жөнөштү. Шаар съезддин катышуучуларына эстен кеткис таасир калдырды. Экскурсиянын программасына православ храмдары гана эмес, Даниил пайгамбардын көрүстөнүнө зыярат жасоо дагы киргизилген, бул көрүстөн 3 конфессиянын: христиандардын, мусулмандардын жана иудейлердин өкүлдөрү үчүн зыярат кылуучу жай болуп эсептелет. Катышуучулар атактуу Регистан аянтына жана Самаркандын башка тарыхый жайларына барышты, ошондой эле кагаз чеберканасынан бактын кабыгынан кагаз даярдоо боюнча байыркы технология менен таанышышты.

Бишкек жаан Кыргызстан епархиясынын делегациясы Өзбекстанга болгон сапарынын акыркы күнү Ташкенттин тарыхый жайлары менен таанышып, андан соң артка кайтууга даярданышты. Чыгыш жомогуна сыйкырдуу саякат ушундай аяктады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости