13 сентябрь – Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнү, Епископ Данил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  13 сентября 2018   На русском
13 сентября – в день обретения мощей преподобного исповедника Ираклия Иссык-Кульского епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 13-сентябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Ысык-Көлдүк преподобноисповедник Ираклийдин кубаттары алынган күндүн 14 жылдыгы белгиленди. 

Салтанаттуу Кудайга сыйынуу литургиясын Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жетектеди. Улуу урматтууга Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматчылары көмөк көрсөтүштү.

Литургиянын соңунда Урматтуу Владыка славление өткөрдү жана Ысык-Көлдүк преподобноисповедник Ираклийдин кубаттары салынган раканын алдында дуба окуду.

Ыйыкты эскерүү – биздин элибизге ыйыктардын керемет жардамын бизге берген Кудайыбыз Иисус Христоско ыраазылык билдирүү. Кудайдын даңазалуу исповедниктери жана азап таруучулары өздөрүнүн ыйык колдоосу менен биздин жерди көзгө көрүнбөгөн калкан менен коргоп, аны кырсыктардан жана жамандыктардан сактап турат.

Сыйынуунун соңунда Улуу Урматтуу епископ  храмга чогулгандарга кайрылды.

“Биз бул соборго ыйык преподобный жана Кудайдын сөзүн алып келүүчү биздин атабыз Ираклийди, Ысык-Көлдүк исповедникти, аны менен бирге16-жылы жабыркаган бардык Ысык-Көлдүк ыйыктарды, азап таруучуларды жана исповедниктерди, ошондой эле совет заманында диний ишеними үчүн жарбыр тарткандардын элестерин эскерүүгө чогулдук. Көп адамдар атылып кеткен. Бүтүндөй үй-бүлөлөрдү антисоветтик иштерге шек саноо менен кырып салышкан. Караколдо жана Түптө, башка көптөгөн айылдарда кишилер атылган жайлар бар, аларда көптөгөн кишилердин сөөктөрү жатат. Чиркөөнүн балдары курман болгон учурлар чынында өтө көп.

Бирок Кудайды эч ким жеңе албайт. Адам баласы биздин ыйык Чиркөөбүзгө канчалык каршы болбосун, ал ар дайым жеңилет. Кудайдын кудурети менен Христтин балдарынын арасынан азап таруучулар жана исповедниктер жаркырап көрүнүп турат, алардын мурастары – жаңы ишеним, биз аны православ храмдарынан көрүп турабыз.

Преподобный Ираклийди эскерүү салтын биз ыйык сактап келебиз. Бул майрамда мүмкүн болушунча жалпы Кыргызстан епархиясынын дин башчылары биздин соборго жыйналып, преподобныйдын алдына тизе бүгүп, биздин Кыргызстандын жерин, анда жашаган православ калкын коргоп-сактап туруу өтүнүчүн бүткүл жүрөгү менен суранышат. Биз баарыбыз бардык адамдар жана бардык нерселер үчүн сыйынышыбыз керек, ыйыктар бизди ушундай болууга үндөшөт. Бул сыйынуудан биздин жакындарыбызга болгон сүйүү жаралат. Биздин ысык сүйүүбүздү, жүрөктөн чыккан сыйынуубузду көргөн преподобный Ираклий Ааламдын ээсине сыйынып, бардык православ христиандарга бакубат жана байгер жашоо берүүнү суранат.

Кудай аны сүйгөндөргө зарыл нерселердин баарын тартуулайт. Ал өзүнүн балдарын эч качан унутпайт. Биз дагы өз кезегинде сыйынуу менен Кудайга ыраазы болушту унутпашыбыз керек; жүрөгүбүз, ишибиз менен Кудайды тааныганды унутпашыбыз керек. Бул майрамдык сыйынууда преподобныйдын ыйык кубаттарынын алдында туруп, биз ага биз үчүн сыйынганы үчүн, Кудайдан Кыргызстандын жерине тынчтык, өнүгүү жана ынтымак сурап жалынганы үчүн ыраазычылык айтабыз”.

Адан соң Улуу Урматтуу епископ майрамдын урматына 1-даражадагы Ысык-Көлдүк Ираклий медалы менен Ананьево айылындагы Николай Чудотворец храмынын башчысы священник Виктор Журавлевду сыйлады. “Орус Православ Чиркөө париархчылыгын калыбына келтирүүнүн 100 жылдыгын эскерүү” Патриархтык маарекелик медалы менен ыйык князь Владимир мектебинин директору Аристова Светлана Ивановна сыйланды.

Андан кийин Семиречьенин алгачкы епискобу, ыйык азап тартуучу Пименге (Белоликов) жана СССРде Чиркөөнү куугунтуктоо эпохасынын башталганынын 100 жылдыгына арналган көргөзмө болду. Собордук аянттагы көргөзмөнү билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы протоиерей Андрей Кунавин презентациялады.

Мындан ары көчмө көргөзмө Кудайга каршы куугунтуктоо жүргөн жылдардагы Православ Чиркөөсүнүн даңктуу жана кайгылуу тарыхы менен окуучуларды тааныштыруу максатында епархиянын жекшембилик жана приходдук мектептеринде көрсөтүлмөкчү.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости