Рождества Богородица храмынын престольный майрамында епископ Даниил Литургия өткөрдү

  21 сентября 2018   На русском
В престольный праздник храма Рождества Богородицы епископ Даниил совершил Божественную литургию

2018-жылдын 21-сентябрында, Пятидесятница боюнча 17-седмицада, Пресвятая Владычица Богородица жана Приснодева Мариянын Рождество майрамында епископ Даниил Ленин айылындагы Рождества Богородицы храмында Литургия өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, Рождества Богородицы храмынын башчысы протоиерей Игорь Дронов, иеромонах Димитрий (Самойлов), протоиерей Андрей Борисенко, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуунун соңунда Улуу урматтуу келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.

«Такыба аталар, кымбаттуу бир туугандар! Баарыңыздарды престольный майрамы менен куттуктайм. Бул храм Рождества Богородица урматына ачылган. Жүрөгүбүздөгү сүйүү менен Кудай Энеге кайрылып, анын Асмандан колдоп турушун сурайбыз. Кудай Эне өзүнүн балдарын өзгөчө сүйөт. Бир ирет Кудай Иисус Христос Голгофадан Кудай Энеге жана Иоан Богословго кайрылган: «Сыне, се Матерь твоя. Мати, се сын Твой». Бул образ менен Кудай Эне гана Иоан Богословдун камкордугуна берилбестен, жалпы адам баласы Кудай Энеге асырап берилген.

Христианчылыктын жалпы тарыхында, эки миң жыл ичинде Кудай Эне күнөөлүү балдарына – бизге, христиандарга жана язычниктерге жана кудайды тааныбагандарга дагы түгөнбөс сүйүүсүн арнап келет. Ал баарыбызды кечирип, баарыбызды куткарууга аракет жасайт. Акыркы жолдо, Катаал сотто Кудай Эне көпчүлүк адамдарды сактап, сурап калаарын биз ыйык китептен билебиз.

Анын жердеги жашоосу оңой болгон эмес, чоң кубаныч менен зор кайгыны бирдей көтөргөн. Ал  Христти төрөй турганын Архистратиг Божий Гавриилден укканда жүрөгү кубаныч менен коркунучка толуп чыккан эле. Кудай чоңойгондо, проповедге чыкканда, муктаж болгондорду айыктырганда, албетте анын жүрөгү кубанычка толуп чыккан. Бирок Голгофа убактысы келгенде, кайгы басканда, Анын жүрөгү тилинип, катуу азап тарткан. Булардын баарын Ал өзүнүн кудай уулу менен бирге көтөрүп, бизге улуу чыдамдуулуктун үлгүсүн, Кудайдын сүйүүсүн көрсөткөн. Кудай Эненин көз жумганга чейинки жердеги жашоосу өзгөчө такыбалык, эмгек, сыйынуу жана Кудай менен сүйлөшүүдөн турган. Кудай менен сүйлөшүү – бул биз ойлогондой жөн гана сыйынуу эмес, бул дайыма ой жүгүртүү, Кудай менен маектешүү. Богородица Рождествосу биз үчүн Кудай Эне аркылуу келген Кудайдын сүйүүсүнүн улуу жарыгын берет. Биз Анын боорукер уулдары, кайрымдуу балдары бололу! Биз дагы сүйүүбүз менен Ага кайрылып, Андан бизди коргоп калууну жана ар бир адамды, ар бир үй-бүлөнү, биздин баарыбызды, биздин Кыргызстан жеринбизди сактап калууну сурайлы.

Такыба аталар, кымбаттуу туугандар, баарыңарга ак ниет сыйынууңар үчүн ыраазылык айтам. Дагы бир жолу Кудай Энеден баарыбызды коргоп турууну суранам. Аминь».




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.