Ыйык жана Тирилтүүчү Кудайдын Крестин Тургузуу майрамында епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Литургия өткөрдү

  28 сентября 2018   На русском
В праздник Воздвижения Священного и Животворящего Креста Господня епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 27-сентябрында, Пятидесятница боюнча 18-седмицада, Дүйнөлүк Ыйык жана Тирилтүүчү Кудайдын Крестин тургузуу күнү епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой.

Литургиядан кийин владыка Даниил келүүчүлөргө архыипастырлык сөзү менен кайрылды.

 “Кымбаттуу бир туугандарым, сиздердин баарыңыздарды Ыйык жана Тирилтүүчү Кудайдын Крестин Тургузуу майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Биз каракчылардын кресттери менен бирге көмүп салууга буйрук берилген Кудайдын Крестин даңазалайбыз.  Бул кресттер үч жүз жыл өзгөчө жерде Кудайдын кудурети менен сакталган. Ыйык тең апостол Елена, Византиянын падышасы Улуу Константиндин энеси, Иерусалимге барып, ушул улуу ыйык нерсени – биздин Кудайыбыз Иисус Христос керилген Крестти издеп тапкан.

Адам менен Ева өздөрүнүн тукумдарын жыгач аркылуу азапка салышкан, ал эми биздин Кудайыбыз, жаңы Адам, Жыгач аркылуу бизди түбөлүк жашоого кайра жаратты. Ар бир православ хритсиан крещения суусуна чөмүлгөндө бизге ата-бабалардан бери келе жаткан баштапкы күнөөлөр жуулуп кетет. Ыйык суу Крестке төгүлгөн Христтин канынын символу. Крест болбосо, биздин күнөөлөрүбүздү тазалоо мүмкүн болбойт эле. Кудай өзүнүн Крести аркылуу бизди куткарат, айыктырат, күнөөдөн арылтат. Биз ыйык болуп туулбайбыз жана крещение аркылуу ыйыктарга теңеле албайбыз. Апостол Павел айткандай,  Христ менен бирге, өзүңөрдүн каалооңор менен бирге Кудайдын Крестине керилгиле. Биздин ар бирибиз өзүбүздүн каалоолорубуз менен күрөшүүдө ушундай жолду басып өтүшүбүз керек. Ушул Улуу ыйыкты жүрөгүбүзгө сактайлы, биздин Кудайыбыз Иисус Христ Куткаруучунун кресттен тарткан азаптарын эсибизге алып, кресттин белгиси менен тазаланалы.

Бизди кудай сактасын жана Ыйык жана Тирилтүүчү Кудайдын Крести ар кандай балээден баарыбызды куткарып калсын. Аминь.”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.