Епископ Даниил Ош округунун благочини Виктора Реймгендин уулу каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты

  01 октября 2018   На русском
Епископ Даниил выражает глубокие соболезнования семье благочинного Ошского округа протоиерея Виктора Реймгена в связи с кончиной сына

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын баарыбыз сүйгөн жана терең урматтаган кызматкери протоиерей Виктор Реймгендин үй-бүлөсүнө түшкөн кайгы тууралуу кабарды кабатырлануу менен уктум. Виктор атага жана Иринага апага уулу Даниилдин күтүүсүздөн каза болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бул күндөрү оор жоготуунун азабын Сиздердин үй-бүлөңүздөр менен бирге көтөрүшүп, маркум Даниил үчүн Кудайга сыйынып, ырайымдуу Жараткандан маркумдун туугандарына күч-кубат жана көтөрүмдүүлүк тиленем.  Ата-эне үчүн күч-кубатка толуп турган жаш баласынан ажырап калуудан өткөн азап жоктур, бирок азыр биздин баарыбыздын тагдырыбыз ырайымдуу Кудайдын колунда экендигин түшүнүүбүз керек.  

Виктор ата, Ирина апа, Юлия, Кудай сиздерге бул кайгыны чыдап көтөрүүгө жардам берсин. Биз баарыбыз Жаратканга сыйынып, Даниилдин жаны “оору-сыркоо, кайгы-капа жок, түбөлүк жашоо өкүм сүргөн” бейишке чыксын деп суранабыз”.


БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.