Түркмөнстанда Орус Православ Чиркөөсүнүн Патриархтык благочиндик приходдорунун он жылдык мааракеси майрамдалды

  03 октября 2018   На русском
В Туркменистане отпраздновали десятилетие начала деятельности Патриаршего благочиния приходов Русской Православной Церкви. Епископ Даниил принял участие в торжествах

2018-жылдын 30-сентябрында мааракеге арналган салтанат болду. Анын алдында шаардын Александр-Невский храмында Орто Азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентийдин жетекчилиги менен всенощное бдение өткөрүлдү.  Митрополит менен бирге Патриархтык благочиндиктин башчысы Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил кызмат өтөштү.

Архипастырлар менен бирге благочиндиктин дин кызматкерлери жана Ашхабад шаарынын тургундары сыйынышты. Өлкөнүн приходдорунда динге кызмат өтөгөн священниктер менен карапайым жашоочулар иерархиянын сыйлыктары жана грамоталары менен сыйланышты.

Кечинде салтанаттын катышуучулары Түркмөнстандын баш калаасынын турмушу жана сыйлуу жайлары менен таанышышты.

Ашхабаддын Никольск храмында Архипастырлар өткөргүн Литургияга жүздөгөн түркмөнстандыктар келишти. Литургиядан кийин округдун архиерейлери 1948-жылы Ашхабадда болгон зилзаланын курмандыктарына панихида өткөрүштү.

Ыйык Патриархтын батасын митрополит Викентий жарыя кылды: “Кымбаттуу архипастырлар, такыба аталар, бир туугандар! Улуу Кубаныч менен Сиздерге Москва жана Орус Патриархы Кириллдин берген батасын жеткирип турам. Ал Түркмөнстандын православдарына, дин кызматкерлерине колдоо көрсөтүү, тынч тургундардын жүрөгүнө собордук сыйынуу кубанычын толтуруу үчүн бүгүнкү салтанатты өткөрүүгө батасын берди. Орус Чиркөөсүнүн башчысы сыйынган учурда дайыма Түркмөнстандагы православдарды эстеп, жамааттын турмушуна кызыгып турат, байыркы түркмөн жериндеги православ жамааттары тынч жана бакубат өнүксө, адамдар өз балдарын өз ишенимине жана маданиятына тарбияласа, Кудайга ишенүү эркиндиги болсо экен деп тилек кылып турат”.

Сыйынуу аяктагандан кийин катышуучуларга арналган концерт болду. Түркмөн жана орус авторлорунун ырлары жана чыгармалары башкы баалуулуктарга: ишенимге, үмүткө, сүйүүгө, сыйынууга арналды. Алгачкы жолу «Отче наш» дубасы түркмөн тилинде жана чиркөөнүн чоң хоруна арналып жазылган музыка менен аткарылды.

Андан кийин мааракенин урматына салтанаттуу кабыл алуу болду. Ага дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү, анын ичинен Россиянын, Белоруссиянын жана АКШнын Түркмөнстандагы толук ыйгарым укуктуу элчилери катышты. Ошондой эле салтанатка благочиндиктин дин кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, башка расмий адамдар катышты.

Кабыл алууда Түркмөнстандагы православ динине колдоо көрсөткөн инсандарга ордендер, медалдар жана грамоталар ыйгарылды. Ыйык Патриарх Кириллдин батасы менен Орус Федерациясынын Элчиси Александр Блохинге III даражадагы преподобный Сергий Радонежский ордени тапшырылды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости