Улуу Урматтуу,
Жогорку Даражалуу Викентийге,
Ташкент жана Өзбектан митрополити,
Орто Азия митрополия округунун башчысы
Улуу Даражалуу, кымбаттуу Владыко!
Сиздин туулган күнүңүз менен чын дилден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз, бул салтанаттуу мааракеде Кудайга сыйынуу менен Сизге ден соолук жана узак өмүр, денеңизге жана жан-дүйнөңүзгө күч-кубат, Сиздин ыйык кызмат өтөөңүзгө Кудайдын берекелүү жана түгөнгүс жардамын каалайм!
Христтин Чиркөөсү менен ажырагыс байланышта турган Сиздин өмүрүңүз Орто Азия митрополия округунун дин кызматчылары үчүн такыбалыктын, чыныгы ишенимдин, үмүттүн жана ак сүйүүнүн үлгүсү болуп калды!
Орто Азия митрополия округунун башчылык кызматында аткарган Сиздин көп жылдык жемиштүү эмгегиңиз Орто Азия регионундагы мамлекеттик бийлик органдарынын жана архирейлердин арасында Сиздин татыктуу кадыр-барк, зоболоңузду камсыздады.
Мындан ары дагы Сиздин жүрөгүңүздү жылытып турган Ыйык Дух жөнүндө бүтпөс кубаныч Кудайга жана Чиркөөгө жана элге өтөгөн кызматыңызга күч-кубат жана дем боло берсин!
Кудайды сүйүү менен,
БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ
2018-жылдын 4-октябры