Митрополит Викентий: 65 жаш маараке

  05 октября 2018   На русском
Митрополит Викентий: 65 лет со дня рождения

Бүгүн, 2018-жылдын 4-октябрында, Орто Азия митрополия округунун башчысы, Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий 65 жаш мааракесин белгиледи. Маараке ээсин куттуктоо үчүн Орус Православ Чиркөөсүнүн ар башка епархияларынын архиерейлери жана дин кызматчылары, ошондой эле Екатеринбург жана Ташкент епархияларынан көптөгөн дин жолундагы адамдар келишти.

Бул күнү, Ыйык Чиркөө Кудайдын Крестин Чыгаруу майрамында жана святитель Димитрий Ростовскийди эскерүү  күнүндө митрополит Викентий Екатеринбург жана Верхотур  митрополити Кирилл, Нижегород жана Арзамас митрополити Георгий, Витебск жана Оршанск архиепискобу Димитрий, Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Түркменстандагы Патриархтык приходдордун башкаруучусу, Павлодар жана Экибастуз  епискобу Варнава, Единецк жана Бричанск епискобу Никодим, Исилькульск жана Орус-Полянск епискобу Феодосий, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим, Кокшетау жана Акмоло епискобу Серапион, Серовск жана Краснотурьинск епискобу Алексий менен бирге Литургия өткөрдү.

Кудайга сыйынуу ырларын архиерей хору (регент – Татьяна Митронина), солдук хор (регент – Елена Андреева),Ташкент Православ семинарийинин регенттик жана катехизатордук бөлүмдөрүнүн кошмо хору (регент – Анастасия Сладкова) аткарышты.

Литургияга Ташкент шаарындагы Ыйык-Троицк Никольск аялдар монастырынын башчысы игуменья Екатерина жана монастырдын жашоочулары, Крестовоздвиженск аялдар монастырынын башчысы игуменья Филарета катышты.

Запричастный стихтен кийин ТПДС окуу иштери боюнча проректору протоиерей Сергий Стаценко проповедь айтты.

Бул күнү Ыйык Христос Таинстволор соборунда епархиянын көп сандаган келүүчүлөрү менен меймандары причастиеге чогулушту.

Причастиеден кийин маараке ээсинин урматына Кудайга табынуу өткөрүлүп, андан кийин улуу архипастырлар митпополит Викентийди 65 жаш мааракеси менен куттукташты.

Биринчи болуп куттуктоо сөзүн Екатеринбург жана Верхотур епискобу Кирилл сүйлөдү: “Биз зыяратчылар тобу менен бирге Сиздин ушул майрамыңыз менен куттуктоо үчүн, бул жер туулган жер болуп келгенин жана туулган жер боло берээрине сизди ынандыруу үчүн Ташкентке келдик. Сиз бүгүнкү күнгө чейин Сизге ишенимдүү жамаат болуп, Сиздин эмгегиңизге, Христтин Чиркөөсүнүн улуу насаатчылары түптөгөн, татаал жана керектүү болгон Ташкент кафедрасында Сиздин архипастырлык кызматыңызды өтөөгө колдоо көрсөтүп келген урал паствасына дайыма ишеним артсаңыз болот”.

Пятигорск жана Черкесск архиепискобу, Түркмөнстандагы Патриархтык приходдордун башкаруучусу Москва жана Орус ыйык Патриархы Кириллдин куттуктоосун окуп берди. Улуу Урматтуу Патриарх өз сөзүндө буларды баса белгилеген: “Кудайдын буйругу менен Сиздин өмүрүңүз Чиркөө менен ажырагыс болуп байланышкан, Сиз өзүңүздүн эмгегиңиз менен ар кандай эрежелерди так аткарып жана чын дилиңизден кызмат өтөө менен адамдарга Куткаруучу Христ жана Анын окууларын үйрөтүп келесиз. Бул жылдары Сиз чоң архипастырлык тажрыйба топтодуңуз, ал тажрыйба бүгүн Сизге Ортоазия митрополия округунун башчысы кызматын жемиштүү өтөөгө, Сизге убактылуу ишенип берилген епархиянын приходдук турмушун өнүктүрүүгө жардам берип жатат... Кудайга сыйынуу менен Сизге ден соолук, руханий саламаттык, мындан аркы архипастырлык ишиңизге Кудайдан колдоо көрсөтүүнү суранам”.

Павлодар жана Экибастуз епискобу Варнава Орус Православ Чиркөөсүнүн митрополия округунун башчысы, Астана жана Казакстан митрополити Александрдын атынан куттуктоо кайрылуусун окуп берди. Катта баяндалган жылуу куттуктоодон тышкары митрополит Александр митрополит Викентийге Верный жана Семиречье епискобу ыйык азап тартуучу Пимен орденин тапшырып коюуну өтүнгөн.

Андан кийин владыканы епархиянын башкармалыктарынын кызматчылары, Ыйык-Успенск кафедралык соборунун приходдук кеңешинин мүчөлөрү, көптөгөн прихожандар, ошондой эле «Твори Добро» ыктыярчылардын демилгелүү тобунун мүчөлөрү куттукташты.

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын маалымат-кызматы




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.