Ташкентте Орто Азия митрополия округунун Синодунун отуруму болду

  05 октября 2018   На русском
В Ташкенте прошло заседание Синода Среднеазиатского митрополичьего округа

2018-жылдын 5-октябрында Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын руханий-администрациялык борборунда Орто Азия митрополия округунун Синодунун отуруму өттү. Орто Азия митрополия округунун Синодунун отурумун Ташкент жана Өзбекстан митрополия округунун жетекчиси Викентий башкарды. Синоддун отурумуна Орус Православ Чиркөөсүнүн Түркмөнстандагы Патриархтык благочиндигинин убактылуу башкаруучусу, Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты.

Отурумда Округдун епархияларынын өткөн үч айда жүргүзгөн ар тараптуу иш-аракеттерин баяндаган 13 журнал каралды:

Журнал №35: Орто Азия митрополия округунун өкүлдөрүнүн Екатеринбургга «Падыша күндөрүнө» зыяратчылык сапары тууралуу;

Журнал №36: Митрополит Викентийдин Округдун епархияларына болгон сапары жөнүндө;

Журнал №37: Ташкентте өткөн “Үй-бүлө жана жаштарга нравалык тарбия берүү институтун чыңдоо” V Эл аралык православ көргөзмө-жармаңкеси жөнүндө;

Журнал №38: Ташкентте өткөн Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын I Съезди жөнүндө;

Журнал №39: Ташкентте “Жүзүмдүн сабагы” үй-бүлөнү жана үй-бүлө баалуулуктарын колдоо боюнча алгачкы православ борборунун ачылышы тууралуу;

Журнал №40: митрополит Викентийдин Североморск жана Златоустовск епархияларына сапары тууралуу;

Журнал №41: Орус Православ Чиркөөсүнүн Түркмөнстандагы Патриархтык благочиндигинин иштеп баштаганынын он жылдыгын майрамдоо жөнүндө;

Журнал №42: Түркмөнстандагы Патриархтык благочиндигинин приходдорунун маданий-агартуу иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө;

Журнал №43: Түркмөнстандагы Патриархтык благочиндигинин приходдорун жаңы жамааттар менен толуктоо жөнүндө;

Журнал №44: епископ Питиримдин Росскызматташтык иш-чараларына катышуусу жөнүндө;

Журнал №45: Дүйшөмбү епархиясында «Искандеркуль» жаштар форумун өткөрүү жөнүндө;

Журнал №46: Бишкек епархиясында өткөн иш-чаралар жөнүндө;

Журнал №47: Бишкек епархиясында өткөн билим берүүчү иш-чаралар тууралуу.

Округдун Синодунун бардык мүчөлөрү акыркы журналга кол койгондон кийин митрополит Викентий айрым жыйынтыктары чыгарды: “Бул журналдар биздин епархиялардын ар башка багыттардагы жигердүү иш-аракеттери тууралуу күбөлөндүрүп турат. Бул биздин баарыбызды кубандырат, бул Ыйык Патриарх Кириллди жана Ыйык Синоддун мүчөлөрүн дагы кубандырат деген ойдомун. Орто Азиядагы биздин жашообуздун өзгөчөлүгүнө карабастан, биздин чиркөөнүн турмушу абдан активдүү жүрүп жатат. Биз баарыбыз Түркмөнстанга болгон сапарыбыздан жакшы пикирге келдик, ал жерге көптөгөн адамдардын, жаштардын жана балдардын барганы баарыбызды кубантты. Биз барган приходдордо балдар жана жаштар менен кандай иштер жүрүп жатканын көрдүк. Класстары кооз, жакшы жабдуулары бар экен. Булардын баары балдарга тарбия берүүгө олуттуу көңүл бурулуп жатканын далилдеп турат. Балдар – биздин Чиркөөнүн, биздин епархиялардын келечеги.

Кыргызстан епархиясында жаштар менен абдан жакшы иш жүргүзүп жатышат. Жаштардын съезддери өткөрүлүп турат, жекшембилик мектептер иштеп жатат, чиркөө хорлорунун арасында ар кандай конкурстар өткөрүлүп, алар храмдагы ырдоо искусствосун өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Кымбаттуу владыкалар, мен сидердин баарыңыздарга эмгегиңиздер, өтөгөн кызматыңыздар үчүн ыраазылык билдиргим келет. Мындан аркы архипастырлык ишиңиздерге кудайдын жардам беришин каалайм!”.

Орус Православ Чиркөөсүнүн Түркмөнстандагы Патриархтык благочиндигинин убактылуу башкаруучусу, Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт өзүнүн жооп сөзүндө Орто Азия митрополия округунун Синодунун мүчөлөрүнүн атынан митрополит Викентийди 65 жаш мааракеси менен куттуктады: “Сизге ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалайм. Аны менен катар, владыка, сизде дайыма биз менен бирге литургиялык баарлашып туруу бактысы боло берсин деп тилейм.

Бүгүн биз Округдун епархияларына болгон Сиздин сапарыңызды эске салдык. Бул дайыма бирге чогулуп, адамдарды чогултуп туруу үчүн жакшы себеп, бул жасалган иштер тууралуу гана айтып берүү эмес, бизди түйшөлткөн көйгөйлөр жөнүндө пикир алышуу мүмкүнчүлүгү жана жалпы акыл-эс, Сиздин кеңештериңиз, тажрыйбаңыз, жана албетте сыйынып колдооңуз менен көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө аракеттенүү. Кымбаттуу владыка, Сизден Түркмөнсандагы салтанаттарды өткөрүүгө батасын бергени үчүн, жана албетте Орто Азиядагы Православ Чиркөөсүнүн приходдоруна көңүл бөлгөнү үчүн, Чиркөө Энебизге болгон ишенимди дана биримдигибизди күбөлөндүрүп турганы үчүн Ыйык Патриархка терең ыраазычылык айта барууну суранабыз”.

 

Ташкент ана Өзбектан епархиясынын маалымат-кызматы




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости