Бишкек епархиясында көчмө семинар болду

  08 октября 2018   На русском
В Бишкекской епархии состоялся выездной семинар

2018-жылдын 6-октябрында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы менен билим берүү жана катехизация бөлүмү епархиянын жекшембилик мектептеринин  мугалимдери үчүн КР Билим берүү кызматкерлеринин майрамына арналган  көчмө окутуучу семинар өткөрдү. Семинар Ак-Таш эс алуу базасында өттү. Иш-чаранын максаты – мугалимдердин ортосунда тажрыйба алмашуу, епархиянын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу жана бириктирүү.

Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө балдар психологу, «Радонеж» мектеп-комплексинин завучу Макарова Марина Алексеевна “Ийгиликтүү мугалим” психологиялык тренингин өткөрдү. Тренер көнүгүүлөрдүн жана видео роликтердин жардамы менен катышуучуларга педагогикалык процессте окуучуларга болгон мээримдүү жана жакшы мамиле маанилүү экендигин түшүндүрдү. Кудайдын өзү сүйүү. Жашоонун оош-кыйышында биздин балдарыбыз Христтин жарык нурун сактап калсын үчүн ушул сүйүүнү аларга жеткирүү зарыл.

Тренингге катышып жаткан ардактуу мейман митрофордук протоиерей Валентин Никонов дагы өзүнүн көп жылдык окуучулар менен иштеген тажрыйбасын бөлүшүп, мугалимдердин майрамы менен куттуктап,  өсүп келе жаткан муундарга руханий тарбия берүү боюнча ийгиликтүү иш болсун деп батасын берди.

Иш-чаранын программасына ылайык майрамдык түшкү тамак жана кооз капчыгайдын ичинде сейилдөө болду. Соңунда катышуучулар тренингде окуганы жөнүндө сертификаттарды алышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.