2018-жылдын 29-октябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунда орус публицисти жана адабий сынчы, Орус Православ Чиркөөсүнүн приоирейи, ММУ алдындагы ыйык азап тартуучу Татиана храмынын башчысы Владимир Николаевич Вигилянский жана анын жубайы орус акыны, прозаик, эссеист, Гоький атындагы Адабият институтунун профессору, Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Поэт” сыйлыгынын, Патриархтын адабий сыйлыгынын жана РФ Өкмөтүнүн маданият жаатындагы сыйлыгынын лауреаты Олеся Александровна Николаева менен чыгармычылык жолугушуу болду.
Жолугушуу “Орус жазуучулары Орто Азияда” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоордун максаты – Борбордук Азиянын православ калкынын арасында орустун заманбап православ адабиятын популярлаштыруу, окурмандардын аудиториясын заманбап православ адабиятынын жаңылыктары менен тааныштыруу.
Жазуучулар менен жолугушууга ыйык князь Владимир мектебинин жогорку класстарынын окуучулары, Бишкек, Беловодск жана Чүй-Токмок благочиндиктеринин дин кызматкерлери, епархиялык башкармалыктын кызматкерлери, храмдын келүүчүлөрү жана меймандардын адабий талантын сыйлаган жөнөкөй адамдар келишти.
Жолугушууну протоиерей Владимир Вигилянский ачты. Ал залга чогулган адамдар менен жылуу саламдашты жана өзүнүн жубайы Олеся Николаевнаны тааныштырды.
Өзүнүн жашоосу жана дин кызматкеринин кызматы жана православ жазуучусунун турмушу тууралуу айтып берген отец Владимир Орус Православ Чиркөөсүнө каршы жүрүп жаткан маалыматтык чабуулдарга токтолду, ошондой эле заманбап жаштарга диний билим берүү маселесинин көйгөйлөрүн козгоду.
Андан кийин сөздү акын Олеся Николаева улады. Өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн тарыхын айтып жана бир нече ыр жана кыска аңгемелерин окуп берди.
Чыгармачылык жолугушуунун жүрүшүндө протоиерей Владимир Вигилянский катышуучулардан өздөрүн кызыктырган суроолорду берүүнү суранды. “Орус дүйнөсү” деген эмне, Григоий Распутинди канондоштуруу, учурдагы чиркөөнүн бөлүнүп –жарылышы жана Константинополь Патриархы менен мамиленин үзүлүшү, Донбасстагы жана жалпы Украинадагы окуялар сыяктуу көптөгөн курч суроолор берилди.
“Мен үчүн “орус дүйнөсү” – бул белгилүү улутка таандык болуу эмес, Орус Православ Чиркөөсү бизге үйрөтүп келген конкреттүү идеяны, динди, ички абалды жактоо”, - деп белгиледи о. Владимир.
Жылуу жана достук маанайда өткөн 2 саттан кийин Россиядан келген меймандар катышкандарга кызыгуу менен көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиришти.
Поэтесса Олеся Николаева ыйык князь Владимир храмына өзүнүн аңгемелеринен жана ырларынан турган эки жыйнакты тартуулады.