31-октябрда Ыйык-Воскресенск соборунда Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын чиркөөдө ырдоо бөлүмүнүн түзүлгөнүнүн беш жылдыгына арналган регенттердин жана ырчылардын биринчи республикалык съезди өттү.
Иш-чарага Бишкектен жана республиканын туш-тарабынан келген 100гө жакын делегат – регенттер, ырчылар, Ташкен семинраиясынын студенттери, ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары, жекшембилик мектептердин окуучулары катышты.
Съезд Ыйык-Воскресенск соборунда чиркөө ыры бөлүмүнүн ыйык коргоочусу, Орус Православ Чиркөөсүнүн өнүгүшү үчүн кызмат өтөгөн маркум ырчы преподобный Роман Сладкопевге арналган молебень менен ачылды.
Андан кийин конференц-залда съезддин делегаттарына учурашуу сөзү менен епархиялык башкармалыктын катчысы Александр Пелин чыгып сүйлөдү. Отец Александр катышуучуларды эскерүү күн менен куттуктап, ошондой эле учурда достук сапары менен АКШда жүргөн Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин кайрылуу- дубай-саламын жеткирди: “Владыка Даниил баарыңыздарды, өзгөчө ырчынын, регенттин узак жолун басып өткөндөрдү чын дилинен куттуктады жана бул татаал, Кудайга жаккан ишиңиздерге Кудайдын колдоосун тиледи!”.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн ыйык князь Владимир мектебинин окуучуларынын хору ырдоо менен баштады. Иш-чара презентациялар жана Бишкек епархиясынын ар башка благочиндиктеринин приходдорунун клиросторунун чыгуулары менен кезектешип турду. Алардын ортосундагы тыныгууларда съезддин уюштуруучусу Наталья Дмитриевна Цуркан катышуучуларды алкыш грамоталары жана гүлдөр менен сыйлап турду. Съезддин катышуучулары жана конференц-залга келгендер үчүн дасторкон жайылды. Салтанаттуу иш-чара жалпы чай ичүү менен аяктады.