Бишкекте «Жаштар: эркиндик жана жоопкерчилик” VII илимий-дин таануу эл аралык Ыйык-Антоний окуулары башталды

  09 ноября 2018   На русском
В Бишкеке начались VII научно-богословские международные Свято-Антониевские чтения «Молодёжь: свобода и ответственность»

2018-жылдын 9-ноябрында Бишкекте «Жаштар: эркиндик жана жоопкерчилик” VII илимий-дин таануу эл аралык Ыйык-Антоний окуулары башталды. Окуулар Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда  жакшы иштин башында молебен өткөрүү менен башталды.  

Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун фойесинде катышуучулар катталгандан кийин жыйындар-залында пленардык отурум башталды. Аны билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин ачып, катышуучулар менен саламдашып, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин кайрылуусун окуп берди.

“Биздин убакта биз кайсы бир күчтөр тарабынан миңдеген жылдардан бери салтка айланып калган түбөлүк Евангелиенин диний баалуулуктарын кайра карап чыгуу, Православ динине күмөн жаратуу аракеттери жүрүп жатканын байкап жатабыз. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернеттеги эркин форумдар аркылуу  Кудайга ишенбей эле киши толук нравалуу жана социалдык алгылыктуу боло алат деген идея таңууланып жатат. Коомдо эмнелер нравалуу жана социалдык алгылыктуу болот деген полемика жүрүүдө!  Көп учурда бизден мурдагы муундар тутунган нравалык жана коомдук стандарттарга сын айтылып, ачык эле шылдыңга кабылган учурлар көбөйүүдө!  Анын кесепетинен улам ушул коомдун фундаментин чыңдап, бекемдөөгө шарт түзгөн Православ Дини менен жашоонун өзү дагы шылдыңга кабылууда. “Ийгиликтүү болгуң келеби – эскирген баалуулуктарды ташта жана артка кылчактабай, заманбап келечек менен жаша” деген идея таңууланып жатат!

 Бул пропаганда коомдун эң аярлуу бөлүгүнө – жаш муундарга багытталууда, мындай жүзүкара жалганчылыкка күчтүү аргументтерди каршы коюп, бекем туруу үчүн жаштардын тажрыйбасы жетишсиз болууда. Орус Православ Чиркөөсүнүн ХХ кылымдагы жаңы азап тартуучулары менен исповедниктеринин диний жашоосу жана эрдиктери так ушундай жалган чакырыктарга, деструктивдүү пропагандага  каршы мыкты каражат болот эле. Биздин даңктуу жердешибиз – дүйнөгө атагы чыккан жазуучу – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун руханий мурасы дагы бул ыйык максатка кызмат өтөп жана көп улуттуу Кыргызстандын элин салттуу баалуулуктарды жана мурдагы муундардын бай тажрыйбасын сактап калууга бириктире турган күч болот.

Чын дилимден жетинчи илимий-дин таануу эл аралык окууларынын катышуучуларына жана меймандарына Кудайдын ыйык жардамын жана жаш муундарды Православ динине үйрөтүүгө арналган ыйык иште ийгилик каалаймын!

Бул эки күн мазмундуу баяндар, конструктивдүү диалогдор жана диспуттар менен коштолсун, алар баарыбызга жаңы идеяларды жана жаратман жана натыйжалуу иш-аракеттерди берсин!”.

Андан ары пленардык отурумда ОПЧ Ыйыктарды канондоштуруу боюнча Синоддук комиссиясынын мүчөсү, игумен Нектарий (Блинов), Кыргызстандагы Роскызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нефёдов В.Л., Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын жаштар бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Илия Меляков, блокадачылар коомунун төрагасынын орун басары Кутанов М.А. чыгып сүйлөштү. Жаштарга билим жана тарбия берүү маселелерине арналган баяндамалар окулду.

Ыйык-Антоний окуулары Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын Билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Эл аралык Рождестволук билим берүү окууларынын алкагында өтүп жатат (региондук этап). Чиркөө-коомдук форум эки күнгө созулат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.