2018-жылдын 10-ноябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунда Ыйык схиархиепископ Антонийдин (Абашидзе) элесине арналган VII илимий-дин таануу эл аралык окууларынын жабылышы болду. Иш-чарага илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын дин кызматкерлери, карапайым кишилер, ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары, сергектик коомунун жана епархиялык жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышты.
Ыйык-Антоний окуулары – чиркөө-коомдук форум, анын программасына: илимий-дин таануу конференцияларынан баштап сергектик кыймылдарынын конференцияларына, мектеп окуучуларынын жана жаштардын конференция, тегерек столдоруна чейинки бир нече иш-чара киргизилген. Окуулар XXVII эл аралык “Жаштар. Эркиндик жана жоопкерчилик” рождестволук билим берүү окууларынын региондук этабынын алкагында өткөрүлдү.
Белгилеген теманын алкагында баяндамалардын олуттуу бөлүгү жаштарга арналды.
Тарыхий илимий-дин таануу секциясы Орус чиркөөсүнүн жаңы азап тартуучуларын жана исповедниктерин эскерүүгө көңүл бурду, негизги басым региондук компонентага жасалды, сөз Борбордук Азияда жана Казакстан жеринде эрдиги менен атагы чыккан жаңы азап тартуучулар жана исповедниктер тууралуу болду
Алгачкы жолу Ыйык-Антоний окууларынын курамында сергектик секциясы иштеди. Окуулардын катышуучулары бул башталышты абдан ийгиликтүү деп баалашты. Секциянын ишинин негизинде форумдун катышуучуларынын маегин андан ары улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Окуулардын ишинде Кыргызстандын улуу жазуучусу – Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул темада ыйык князь Владимир мектебинин окуучуларынын конференциясы болду.
Орус Православ Чиркөөсүнүн Ортоазия митрополия округунун жана Казакстан Республикасындагы Митрополия округунун канондоштуруу боюнча синоддук комиссиялары тарабынан уюштурулган “Рух эркиндиги: Борбор Азияда жана Казакстанда Чиркөөгө карата куугунтуктоонун башталышынын 100 жылдыгы” темасында тегерек столдун жүрүшүндө Христ үчүн жабыркаган Казакстан менен Борбор Азиянын православдарын канондоштуруу боюнча ишти көбүрөөк натыйжалуу жана өндүрүмдүү кылуу чечими кабыл алынды.
Окуулардын жыйынтыгы боюнча теориялык жана практикалык мааниге ээ болгон резолюция кабыл алынды. Бул резолюцияда келечекте ишке ашырыла турган билдирүүлөр чагылдырылды.