2018-жылдын 21-ноябрында, Архистратиг Михаил жана башка Асман Күчтөрүнүн соборун майрамдоо күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Беловодск айылындагы Архистратиг Божьий Михаил храмында Литургия өткөрдү.
Улуу Урматтуу епископ менен бирге Бишкек, Беловодск жана Ысык-Көл благочиндиктеринин дин кызматкерлери кызмат өтөштү. Сыйынуу бүткөндөн кийин казактардын катышуусу менен храмдын айланасында кресттүү жүрүш болду.
Андан кийин епископ Даниил чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:
“Такыба аталар, кымбаттуу бир туугандар, казак-туугандар! Баарыңарды Архистратиг Божий Михаилдин урматына аталган бул храмдагы престольный майрамы менен куттуктайм!
Бүгүн Архистратиг Божий Михаилдин жана башка Асман Күчтөрүнүн соборун майрамдап жатабыз. Ыйык Китепте айтылгандай, жогорку ангел – Денница асмандан кулап түшкөндө Кудайды сүйгөн Асмандагы Аскерлерди Архистратиг Божий Михаил башкарган. Ошол учурдан тартып ал ар бир адамды, храмдарды жана өлкөлөрдү жана жалпы Ааламды коргогон Асман Аскерлерин башкарып келет. Бизди курчап тургандардын баарын – Кудайдын Ангелдери коргоп турат. Алар Кудай берген күч менен Кудай жараткандын баарысын биринчи кезекте күнөөлөрдөн коргоп турушат.
Асман Күчтөрү дубада бар. Алар Кудайдын тагынын алдында турушат, баарын угушат, Жаратканды угушат. Кишилер жөнүндө китепте айтылат: “Көрбөгөндөр, бирок ишенгендер ыйык болушат”. Бул Кудай тартуулаган ыйыкты киши Ангелдерден көбүрөөк кабыл алууга жөндөмдүү болушат. Ушул үчүн биз жалпы православ дүйнөсү менен бирге биздин Жаратуучуну даңктап жана ыраазылык билдирип турушубуз керек.
Урматтуу такыба аталар, кымбаттуу бир туугандар! Баарыңарга дуба кылганыңар үчүн ыраазылык айтам! Благочин аталарга, монах бир туугандарга жана коңшу приходдордун кишилерине – бул ыйык күнү, Литургияда сыйынуу үчүн, Иисус Христтин Денесине жана Канына причастиеге келгендер, бирдиктүү жүрөк менен Куткаруучуну жана ыйык Архистратиг Божий жана Асман Күчтөрүн даңазалоо үчүн келгендерге ыраазылык айтам”.
Андан кийин владыка Даниилге жооп сөзү менен Архистратиг Божий Михаил храмынын башчысы, епархия башкармалыгынын катчысы иерей Александр Пелин кайрылып, пастванын атынан Улуу Урматтууга бекем ден соолук жана архипастырлык татаал ишинде ийгиликтерди каалады.