Архиерейлик резиденцияда епископ Даниилдин төрагалыгы алдында кезектеги Епархиялык кеңеш өттү

  22 ноября 2018   На русском
В архиерейской резиденции под председательством епископа Даниила прошел очередной Епархиальный совет

2018-жылдын 22-ноябрында архиерейдин резиденциясынын жыйындар залында Бишкек жана Кыргызстан епискобунун төрагалыгынын алдында Епархиялык кеңештин отуруму өттү. Кеңештин ишине епархиянын бардык округдарынын благочиндери жана кеңештин мүчөлөрү катышты.

Күн тартибинин негизги маселеси Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун 2018-жылдын 15-октябрындагы Орус Православ Чиркөөсүнүн канондук аймагындагы Канстантинополь Патриархатынын мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу Канстантинополь Патриархаты менен евхаристикалык алакалардын мүмкүн эместиги тууралуу билдирүүсү кароо болду.

Кеңештин ишинин жүрүшүндө Москванын жана Орустун Патриархы Кириллге жана Украинадагы бөлүп-жаруу иш-аракеттерине каршы турган бардык архипастырларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү билдирилди.

Улуу урматтуу епископ Даниил жана епархиянын бардык дин кызматкерлери Ааламдагы Православие үчүн мындай эң татаал убакта Ыйык Патриарх Кириллге бекемдик, ден соолук жана узак өмүр берүү жөнүндө чыныгы дубаларын айтышат. Бишкек епархиясынын храмдарында Куткаруучу жана Кудай Иисус Христоско Украинадагы бөлүнүп-жарылууну айыктыруу жана Православиенин биримдиги жөнүндө дубалар айтылат.

Отурумдун катышуучулары ошондой эле епархиянын күнүмдүк жашоосуна тиешелүү маселелерди – кыргызстандык ыйыктардын Соборунун датасын белгилөө, православ энелердин кеңешин уюштуруу, епархиянын дене тарбия жана спорт бөлүмүн уюштуруу жана башка маселелерди карашты.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.