Кыргызстанга ыйык соопкер князь Александр Невскийдин мощу келди

  23 ноября 2018   На русском
В Кыргызстан прибыли мощи святого благоверного князя Александра Невского

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин өтүнүчү боюнча жана Псков жана Порховск митрополити Тихондун (Шевкунов) батасы менен Кыргызстанга ыйык соопкер князь Александыр Невскийдин чыныгы мощу бар икона келди.

Ушул жылдын 23-ноябрында саат 8:00дө Бишкек шаарындагы Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун собордук аянтында Алексндр Невскийдин мощу бар образды салтанаттуу тосуп алуу болду.

Ыйык буюм ЖККУ “Кант” аба базасындагы Александр-Невский храмына белекке берилген жана Кыргызстанга аны иерей Евгений Циклаури алып келди.

Соопкер княздын образын епархиянын башкаруучу архиерейи Даниил, епархиянын дин кызматчылары жана Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун келүүчүлөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Ыйык образ келгенден кийин владыка Даниил молебен өткөрдү жана келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Такыба аталар, кымбаттуу казак бир туугандар, атамандар, аскерлер, бир туугандар! Баарыңарды соопкер князь Александр Невскийдин ыйык мощу салынган ыйык образдын биздин мекенибизге – Бишкек шаарына келиши менен куттуктайм!

Такыба князь Александр Невский өзүнүн кыска өмүрүндө княздыкты гана сактап калбастан, Орусияда Православ динин чыңдап жана анын православ калкын сактап калган. Ал башкарган убакта Орусия өтө алсырап жана бөлүнүп калган. Өзүнүн өмүрү, өзүнүн эрдиги менен Орусияны өлүмдөн сактап жана келечекте Дмитрий Донскойдун колу менен жана Сергий Радонежскийдин дубалары менен татар-монгол жапырыгынан бошонуу жана көз карандысыз улуу Москва княздыгын түзүү үчүн шарттарды түзүп кеткен. Александр Невский 42 жашында көз жумган. Өзүнүн болгон күч-кубатын – дене күчүн жана рух кайратын князь өз жерине, өз элине жана өз динине арнаган. Александр Невскийдин башкы осуяты – “биз Христтин айланасына биригип жана бирдиктүү чоң православ үй-бүлөсү болуп жашашабыз керек” экендиги биздин жүрөгүбүзгө жазылып калышы керек.

Өмүрүнүн акырында Александр Невский улуу схиманы кабыл алган. Аны көбүнчө иконага улуу князь жана жоокер катары эмес, улуу схимник катары тартып жүрүшөт. Анын ыйык дубалары аркылуу азыр Россия чыңдалып бара жатат. Биз, тагдырдын буйругу менен азыр постсоветтик мейкиндките жашап тургандар, андан ыйык колдоо сурап, азыркы мекенибиз гүлдөп, тынчтык жана ынтымак жашоо болушун тилеп турабыз. Биз баарыбыз Александр Невскийден Кыргызстанды оттон, суудан, октон, кылычтан жана ич ара согуштардан сактап калууну суранабыз.

Бүгүн храмда казак бир туугандарыбыз жана бизге ушул ыйык образды алып келген Россиянын аба базасынын жоокерлери катышып турушат. Мен сиздерге ыраазылык билдирем жана Александр Невский бизди коргоп, бизге христиан, православ жашоосунан үлгү болуп беришин тилейбиз.

Биз бүгүн салтанаттуу тосуп алган ыйык образ биздин кыргыз жерибизди дайыма коргоп турат. Каалаган убакта биз ага таазим кылып, дуба кылуу менен биз үчүн дуба кылып турган ыйык Александрдан жакшылыктарды сурай алабыз. Аминь”.

Ыйык такыба князь Александр Невскийдин мощу бар икона ыйык-воскресенск кафедрадык соборунда 6-декабрга чейин болот. Андан кийин ыйык образ “Кант” аба базасындагы Александар-Невский храмына жеткирилип, ал жерде туруктуу сакталат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.