Бишкек епархиясында ар жылдык Епархиалык чогулуш болду

  23 ноября 2018   На русском
В Бишкекской епархии прошло ежегодное Епархиальное собрание

2018-жылдын 23-ноябрында Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын епискобу Даниилдин төрагалыгы алдында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунун жыйындар залында ар жылдык Епархиялык чогулуш болуп, ага бардык округдардын благочиндери, приходдордун башчылары жана дин кызматчылары, приходдордун башчыларынын жардамчылары жана казыначылары, епархиялык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Чогулуштун башында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда жакшы иштин башталышына арналган молебен болду.

Чогулуштун төрагасынын орун басары болуп епархиянын катчысы протоиерей Алексий Сыромятников шайланды, чогулуштун катчысы болуп – епархия башкармалыгынын катчысы иерей Александр Пелин шайланды.

Күн тартиби угулуп жана протоколго кол коюу үчүн чогулуштун эки мүчөсү шайлангандан кийин епископ Даниил баяндама менен чыгып сүйлөп, 2018-жылы епархия тарабынан жүргүзүлгөн эң маанилүү негизги иш-чараларга баа берди. Эң маанилүү окуяларды – Улуу Урматтуу өзү түздөн-түз катышкан светтик жана чиркөө окуяларын (өлкө ичиндеги жана чет мамлекеттердеги) атады.

Владыка мамлекеттик бийликтин органдары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен тыгыз кызматташтык, ошондой эле мамлекеттин Башчысы жана Кыргызстандын Муфтийи менен жылуу жана ишеничтүү мамилелер уланып жатканын канааттануу менен белгиледи.

 Улуу урматтуу Орус Правслав Чиркөөсүнүн канондук аймагына Константинополь Патриархатынын кол салуусуна байланыштуу окуяларга өзгөчө көңүл бурду: “2018-жылдын 11-октябрында Константинополь патриархатынын “Украин Чиркөөсүнө автофекалия берүү” ниетин тастыктоо жөнүндө; Киевге Константинополь Патриархатынын “ставропигиясын” ачуу жөнүндө; “украиналык бөлүнгүчтөрдүн лидерлерин жана алардын жолун жолдоочулардын архиерейлик же иерерйлик чендерин калыбына кетирүү” жөнүндө билдирүүсүн Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синоду терең кайгыруу менен кабыл алды”.

Бул мыйзамсыз чечимдерди Констаниполь Чиркөөсүнүн Синоду Украина Православ Чиркөөсүнүн чакырыктарын жана жалпы Орус праволслав Чиркөөсүнүн укуктарын, ошондой эл бир тууган Поместтик Православ Чиркөөлөрүнүн, алардын Предстоятелдеринин жана архиерейлеринин маселени жалпы православдык талкуулоо жөнүндө чакырыктарын четке кагуу менен кабыл алды. Анын кесепетинен Орус Православ Чиркөөсүнүн ыйык Синоду Орус Православ Чиркөөсүндө Кудайга сыйынууда Константинополь Патриархы Варфоломейди эскерүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошондой эле Константинополь Патрархатынын иерархтары менен бирге кызмат өтөө жана Константинополь патриархатынын өкүлдөрү төрагалык же коштөрагалык кылган бардык түзүмдөргө катышуу токтотулду”.

Улуу Урматтуу дин кызматкерлерин жаралган жагдай боюнча өз приходдорунда кишилерге түшүндүрмө берүүгө жана Москванын жана Орустун Ыйык Патриархы Кириллге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө чакырды.

“Ыйык Патриарх биздин Чиркөө Энебиз менен бирге азыр абдан татаал мезгилди башынан өткөрүп жатат. Ошондуктан ар бир сыйынууда биз Православ Чиркөөсүнүн тынчтыгы, ынтымагы жана биримдиги үчүн дуба кылышыбыз керек”. Ушул сөздөн кийин Патриарх Кириллге узак өмүр сураган дуба окулду.

Андан ары владыка Бишкек епархиясы боюнча статистикалык маалыматтарды келтирди: приходдордун саны жана ал жерде өткөрүлгөн жалпы чиркөөлүк жана светтик иш-чаралар, жекшембилик жана жалпы приходдук мектептер жөнүндө маалыматтарды айтты.

Ар бир приходдун жашоосу жөнүндө айтканда владыкка Даниил буларды белгиледи: “Паствага жылуулук менен мамиле жасап, ага көңүл буруу жана колдоо менен жардам берүү керек. Ошондой эле канондук аймакта диндер аралык жана этностор аралык деңгээлдерде диалог түзүлүшү керек. Орусиялык мекенештер менен байланыш түзүү керек. Бул татаал эмес, бирок биздин регион үчүн маанилүү милдет”.

Улуу Урматтуу өз кайрылуусунда жаштар менен иштөө ар бир приходдун башкы артыкчылыктары болуш керек экендигин баса белгиледи. “Өткөн Архиерейлик Собордо Ыйык Патриарх Чиркөөнүн бул кызматына өзгөчө көңүл бөлдү. Бул учурда ашык кетүүнүн кереги жок. Бардык иште алтын орто болушу керек. Жаштар храмга өз үйүнө келгендей келиши керек. Натыйжасы жаштарды Чиркөөнүн Литургиялык турмушуна аралаштыруу болушу керек”.

Прихожандарга пастырдын камкор мамилеси тууралуу айткан Улуу Урматтуу айрым насаатчыларга маектешүү жүргүзүүгө көңүл бурууну жана аларсыз Таинство Крещение жүргүзүү практикасын токтотууну сунуштады. “Крещение алдындагы даярдык пастырдык ишмердүүлүктүн эң маанилүү милдеттери экенин эстен чыгарбоо керек”, - деп баса белгиледи владыка.

Чогулуштун алкагында социалдык кызмат, билим берүү, жаштар, маалымат берүү, юридикалык мүнөздөгү милдеттер, епархиянын указдарын аткаруу маселелери каралды.

Епархиялык бөлүмдөрдүн негизги иш-аракеттери чагылдырылды жана көйгөйлүү маселелер талкууга коюлду.

Владыка Даниил баяндамасынын соңунда дин кызматчыларына, бөлүм башчыларына жана карапайым кишилерге өтөгөн эмгектери үчүн ыраазылык айтты, аларды мындан ары дагы православ ишенимин чыңдоо, руханий жана нравалык баалуулуктарды бекемдөө иштерин уланта берүүгө чакырды.

Ыраазылык сөзүндө вдадыка Ысык-Көл благочин окуругунун благочини протоиерей Сергий Чувичкинди, Ош окуругунун благочини протоиерей Виктор Реймгенди, Талас округунун благочини протоиерей Димитрий Шушпановду баса белгилеп өттү.

“Ошондой эле Бишкек, Чүй-Токмок жага Талас округдарынын благочиндерине жасаган аракеттери үчүн ыраазылык билдирем.

Епархиянын билим берүү жана катехизация, жаштар жана зыярат иштер бөлүмүнүн, маалымат-басма борборунун, архитектура-курулуш бөлүмүнүн, чиркөө-археологиялык бөлүмүнүн жана юридикалык кызматтын активдүү жана жемиштүү иштерин белгилей кетүү керек. Ошондой эле епархиянын катчыларына жана епархия башкармалыгына епархияга келген кишилер менен кылдат аткарган иштери үчүн ыраазылык билдирем. Кеңсенин кызматчыларына чиркөөнүн документтерин жана кат алышууларды сабаттуу жана дыкат жүргүзгөнү үчүн рахмат айтам.”.

Епархиялык чогулуш жалпы сыйынуу менен аяктады.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.