Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун жыйындар-залында «Благовест» XIV эл аралык славян искусствосунун фестивалы болду

  26 ноября 2018   На русском
В конференц-зале Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялся XIV Международный фестиваль славянского искусства «Благовест»

2018-жылдын 25-ноябрында Бишкек жана Кыргызстан енискобу Даниилдин батасы менен «Благовест» XIV эл аралык славян искусствосунун фестивалы болду. Иш-чара Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунун жыйындар-залында өттү.

Меймандарга учурашуу сөзү менен Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ключары архимандрит Пётр (Путиёв) кайрылды.

«Благовест» фестивалын Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Радуга» орус элдик ырлар ансамбли ачып берди. Фестивалдын жүрүшүндө 20-кылымда Россиядагы христианчылыкты куугундуктоонун 100 жылдыгына арналган “Орус Праволсав Чиркөөсүнүн тарыхынын барактары” документалдуу фильми жана И.С. Тургеневдин 200 жылдыгына арналган фильм көрсөтүлдү.

Кыргыз Улуттук Университетинин «VagantЫ» театр студиясынын жамааты И.С. Тургеневдин “Жолугушуу” чыгармасы боюнча миниатюра көрсөтүп берди. Концерттик программанын алкагында төмөнкүлөр чыгышты: Архиерей хору (жетекчиси Распутина Лариса Васильевна), «Кызыл гвоздика» Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин элдик хору (көркөм жетекчиси Ибираева Каныкей Монолдоровна, «Хмель» казак ансамбли (жетекчиси Кирнос Сергей Анатольевич), Ош шаарындагы Архистратиг Михаил храмынын бир туугандар хору, ДШИ №3, №4. окуучулары, Сосновка айылындагы, Кант шаарындагы жекшембилик мектептердин окуучулары. Койчуманов Жолдошбек Аманбаевич жетектеген ДШИ №5 вокалдык ансамбли өзгөчө жакшы даярдыгын көрсөтө алды. Илья Евтеевдин «Благодать» ырын Томченко Раиса Ивановна окуп берди.

 

Угуучулардын алдына Кыргызстандын ар башка райондорунан келген жыйырмадан ашык чыгармачыл жамааттар чыгышты. Жыйындар залына топтолгон аудиториянын алдында ар башка улуттардын өкүлдөрү чыгып, орус, кыргыз, украин тилдеринде ырдап жатышты. Славян искусствосунун майрамында көп жыл катары менен «Благовесть» фестивалынын идеялык демөөрчүсү жана уюштуруучусу болуп келген Юрий Сергеевич Анастасьянды дарылоого кайрымдуулук каражаттар топтолду.

XIV Эл аралык славян искусствосунун фестивалы Ожередов Сергейдин жана «Славия» ансамблинин аткаруусундагы гимн менен аяктады.

“Бул жолу фестивалга көптөгөн балдардын жамааттары катышканы жакшы болду. Бүгүн биз сахнадан театр оюнун, поэтикалык окууну көрдүк. Көпчүлүк ансамблдер өз репертуарларын православ темалары менен толуктап жатканы абдан жагымдуу болду. «Благовест» дагы өнүгүп, ага Кыргызстан менен катар жакынкы чет өлкөлөрдөн жаңы жамааттар тартылат деген үмүтүм бар”, - дейт фестивалдын уюштуруучусу Наталья Дмитриевна Цуркан.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.