Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Литургия өткөрдү жана Рождество постун баштоого батасын берди

  28 ноября 2018   На русском
Епископ Бишкекский и Кыргызстанский  Даниил совершил Божественную литургию и благословил верующих на начало Рождественского поста

2018-жылдын 28-ноябрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Литургия өткөрдү. Улуу урматтуу менен бирге архимандрит Петр Путиев, протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой кызмат өтөштү.

Сыйынуудан кийин епископ Даниил келүүчүлөргө архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Мен баарыңыздарды 40 күндүк Рождество постунун башталышы менен куттуктайм. Рождество посту башка постторго салыштырмалуу жеңилирээк. Бирок ага карабастан биз кырк күндүн ичинде өзүбүздү Христтин Рождествосуна даярдайбыз. Бул улуу майрам, себеби ал бизди куткаруу башталганын, Куткаруучу бул күнөөсү көп дүйнөгө келгенин билдирип турат.

Биз адашкан кой тууралуу евангелие окуусун укканбыз. Бул икаяда Кудайдын бизге, күнөөгө батып кеткен кишилерге болгон сүйүүсү жөнүндө айтылган. Бул кырк күндүк Рождество посту ар бир чыныгы христиан үчүн волхвалардын артынан биз дагы Наристенин бешигине Кудайыбыз Иисус Христке болгон сүйүүнү алып барган жолду көрсөтүшү керек.

Эмне үчүн пост маалында биз тамак ичүүнү чектейбиз? Себеби бул кыска убакыт бизге күнөөгө баткан жан дүйнөнү гана эмес, акылыбызды жана эркибизди, ал тургай денебизди айыктыруу үчүн берилет. Христос биздин жан дүйнөбүздү гана куткаруу үчүн келген эмес, ал биздин табиятыбызды куркаруу үчүн келген, анткени Ал өзүнө кишиге мүнөздүүнүн баарын алган жана “жалпы киши затын айыктырган” (Ин. 7:23). Күнөө Кудай белгилеген руханий мыйзамдарды бузат: дене өлүүгө толот, жан дүйнө көңүл ачууну издейт жана рух болсо жан дүйнөнүн күнөөлүү азгырыктарынын артынан кетет. Ошондуктан пост убактысы биздин бузулган табиятыбызды Кудайдын жардамы менен айыктырууга аракет жасоого бизге мүмкүндүк берет.

Баарыбызга баш ийүү менен ушул постко кирип жана Куткаруучунун алдында: “мен өтө күнөөлүү киши Сенин алдыңа келдим” деп айтууну каалайм. Бул жан дүйнөнүн аракети жалган эмес, биздин кишилик алсыздыгыбызды жана кемчиликтерибизди сезүү менен болушу керек. Ошондо Кудайдын сөзү боюнча болот: “... Менин күчүн алсыздык менен жасалат (2Кор 12:9).

Кудай бизди сактасын жана биздин баарыбызга Рождество постуна киришүүгө Кудайдын батасы болсун!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости