Бишкек жана Кыргызстан Епискобу Даниил ыйык князь Владимир храмында Литургия өткөрдү

  03 декабря 2018   На русском
Епископ Бишкекский и Кыргызстанский Даниил совершил Божественную литургию в храме святого князя Владимира

2018-жылдын 2-декабрында, Пятидесятница боюнча 27-жумада, Бишкек жана Кыргызстан Епискобу Даниил ыйык тең апостол улуу князь Владимир храмында Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Олег Белотуркин, иерей Илья Меляков, иерей Александр Аношкин кызмат өтөштү.

Сыйынуудан кийин Улуу Урматтуу иерей Олег Белотуркинди шакек крест менен, иерей Александр Аношкинди камилавка менен сыйлады.

Ушундан кийин епископ Даниил чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Кымбаттуу туугандар, баарыңыздарды жекшемби күнүңүздөр менен куттуктайм! Рождествонун посту уланып жатат. Бул пост башка постторго салыштырмалуу оңой болгонуна жана бизге балыктан жасалган тамактарды жегенге уруксат берилгенине карабай, биз анын руханий тарабын унутпашыбыз керек.

Бүгүн биз дүнүйө, материалдык байлыкты топтоого өтө берилип кетүү жөнүндө евангелиенин насаатын уктук. Жердеги жашоонун түзүлүшүнө болгон азыркы көз караштар адам үчүн байлык топтоону артыкчылык кылууда. Жердеги байлык негизи күнөө эмес, ыйык дагы эмес – нейтралдуу. Биз өз байлыгыбызга же жакырчылыгыбызга кандай көз караштан карайбыз – эң маанилүүсү ушул. Өзүнө керек болгондон ашык дүйнөгө умтулган адам дайыма санаа менен жүрөт: бай киши өзүнүн байлыгы, аны жоготуп албоо жөнүндө ойлосо, жакыр киши ичи тарып, кантип байыш керек деп ойлонот. Бул экөө тең Кудайга жакпаган иш болот.

Бул жекшембилик окуунун насааты ойлонтот. Өмүр бою байлык топтоп, акыры байлыгынан ырахат алууну ойлогон киши каза болуп калат. Асманда эмес, жерде байлык топтогон кишилер байлыгынан каза болушат. “Кудайды байытпастан, жеке өзүнө байлык топтогон кишилер ушундай болот”, - деп корутунду чыгарат Кудай өзүнүн насаатында.

Байлыкты Кудай берет. Ал ичип, жеп, көңүл ачуу үчүн берилбейт. Ал киши акыл-эси менен башкарып, өзүнүн менчигиндей эмес, асмандан өлбөс байлык алуу үчүн кызмат өтөгөн Кудайдын ырайымындай мамиле кылуу үчүн берилет.

Кудай өзүнүн насаатында бизге эскертет, биздин жан-дүйнөбүз өлүүчү нерселерге байланып калбашы керек экендигин айтат. Христиандын жашоосунда байлык өлчөмүнө карабастан Кудайдын ишине кызмат өтөшү керек. Христиан кийин өзүнүн байлыгына кожоюну катары эмес, муктаж болгондордун баарына бериле турган, Кудай берген байлыктын башкаруучусу катары мамиле жасашы керек. Азда ишенимдүү болгон кишини Кудай чоңду башкартат.

Кымбаттуу туугандар, баарыңыздарды адегенде Асман байлыгын топтоо жөнүндө кам көрүп, андай кийин жердеги байлыкты ойлоого чакырам.

Причастниктердин баарын Ыйык Христтин Сырын кабыл алышы менен куттуктайм. Баарыңарга Кудайдын батасын сурайм, Кудай баарыңарды сактасын!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.