Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Казакстанга боордоштук сапар менен келди жана Кудайга сыйынуу литургиясы убагында Астана жана Казакстан митрополити Александрга кызмат өтөштү. Кудайга сыйынууну аяктагандан кийин башчы Даниил чакырылган дин өкүлдөрүн менен митрополит Александрды Тезоименитство күнү менен куттуктады.
2018-жылдын 6-декабрында, ыйык князь Александр Невскийди жана дин өкүлү Митрофан Воронежскийди эскерүү күнү, Астана жана Казакстан митрополити Александр Алма-Атанын Иверск-Серафимов монастырында Литургияы аткарды.
Ыйык кнызяь Александр Невский – Астана жана Казакстан митрополити Александрдын асмандагы колдоочусу. Ыйык чокундурууда башчыга ыйык орус князынын урматына ысым ыйгарылган.
Астана жана Казакстан митрополити Александр Алма-Атанын Иверск-Серафимов монастырында Кудайга сыйынуу литургияы аткарды.
Казакстандын Православ Чиркөөсүнүн Башчысы менен кызмат өтөштү: Астана епархиясынын викарийи Талдыкорган епискобу Нектарий, Казакстан Митрополиттик округунун Иштерин башкаруучу Каскелен епискобу Геннадий, Павлодар жана Экибастуз епискобу Варнава, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил (Ортоазиялык Митрополиттик округу); Алма-Ата шаарынын чиркөө коомдорунун башчысы, Никольск соборунун башчысы протоиерей Валерий Захаров; Астана храмдарынын башчысы архимандрит Сергий (Карамышев); Астана жана Алма-Ата епархиясынын дин кызматкерлери архимандрит Иоанн (Сазонов) жана иеромонах Модест (Дроздов); Митрополиттик округдун ыйык сандагы бөлүмдөрүнүн жана комиссияларынын жетекчилери; мейман-архипастырлар менен келген епархиянын башчылары, дин кызматкерлери, клириктер.
Литургияга Рождество постунун күндөрүндө сыйынып жүгүнүү жана динге ишенгендерди руханий колдоо үчүн митрополит Александрдын ыраазычылыгы менен ыйык князь Александр Невскийдин иконасы алынып келинген.
Литургия Ыйык Кудай Эне Храмына Кирүү майрамын жана ыйык князь Александр Невскийди даңктоо менен аяктады.
Митрополит башчысын тезоименитство күнү менен архипастырлардын, дин кызматкерлеринин жана карапайым адамдардын атынан Каскелен епискобу Геннадий куттуктады.
Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлеринин атынан жана өзүнүн атынан, епископ Даниил Митрополит Александрды Тезоименитство күнү менен куттуктады.
Казакстан Республикасынын Митрополиттик округунун пресс-борборунун материалдары боюнча