Епископ Даниил Казакстандын Митрополиттик округунун ыйыктарын канондоштуруу боюнча комиссиянын кеңири жыйынына катышты

  06 декабря 2018   На русском
Епископ Даниил принял участие в расширенном заседании комиссии по канонизации святых Казахстанского Митрополичьего округа

2018-жылдын 6-декабры. Алма-Ата. Астана жана Казакстан митрополити Александрдын ыраазычылыгы менен митрополит Иосиф (Чернов) атындагы руханий-маданий борбордо ыйыктарды канондоштуруу боюнча Казакстан Митрополиттик округунун комиссиясынын кеңири жыйыны өттү.

Комиссиянын төрагасы Павлодар жана Экибастуз епискобу Варнава.

Жыйынга катышуу үчүн келишти: Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил жана Бишкек епархиясынын ыйыктарды канондоштуруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Православ Ыйык-Тихонов гуманитардык университетинин (Москва) илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору Е.Е. Озмитель.

Ишке катышты: Митрополиттик округдун комиссиясынын катчысы иеромонах Иаков (Воронцов), Астана жана Алма-Ата епархиясынын ыйыктарды канондоштуруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү – Алма-Ата чиркөө коомдорунун башчысы протоиерей Валерий Захаров, Астана чиркөө коомдорунун башчысы архимандрит Сергий (Карамышев), иеромонах Модест (Дроздов), протоиерей Александр Гайченя, протоиерей Вадим Алексеев, иерей Максим Лысенко, борбордук жекшембилик мектептин директору Г.В. Черепанова, маалыматтык-басма бөлүмүнүн кызматкери В.П. Пашков; Урал епархиясынын өкүлү В.В. Кутищев, Чымкент епархиясынын өкүлү протоиерей Игорь Погорелов, Петропавловск епархиясынын өкүлү С.В. Цветкова, Костанай епархиясынын өкүлү иерей Андрей Крутин, Павлодар епархиясынын өкүлү иерей Артемий Жданов, Кокшетау епархиясынын өкүлү А.В. Романенко, Караганда епархиясынын өкүлү А.П. Антоненко, Усть-Каменогорск епархиясынын өкүлү протоиерей Евгений Яганов.

Астана жана Казакстан митрополити Александр жыйындын катышуучуларына кайрылды. “ХХ жүз жылдыкта Христ үчүн жабыркаган ыйыктарды даңктоо, кеңири коомчулук тарабынан алардын эстелигине көңүл буруу Орус Православ Чиркөөсүнүн канондук мейкиндигинде руханий жашоонун кайра жаралуусунун символу болуп калды. Азыркы убакта дээрлик күн сайын өткөн кылымда жашаган дин үчүн азап чегүүчүлөрдү, такыбааларды жана жактоочуларды эскерүү өтөт; алардын өмүр баяны басылып чыгууда, чыгармалары жарык көрүүдө; алардын урматына храмдар курулуп жатат, алардын ысымы менен православ боордоштуктары жана мектептер аталууда. Иерархтардын, пастырлардын, монахчылык кылуучулардын жана карапайым адамдардын курмандык кылынган жеңиши Куткаруучу Христтин сөздөрүнүн чындыгынын жана бузулгустугунун айкын далили болуп калды, Куткаруучу Өзүнүн окуучуларына деп айткан: “Мен Өзүмдүн Чиркөөмдү жаратам жана тозоктун дарбазасы ага жетпейт” (Мф. 16:18). Евангелия чындыгы үчүн өз канын төккөндөр, сыноо жылдары ишеним жана берилүү менен Кудайга кызмат кылгандар, сүргүн жана лагерде кордук көрүштү, куугунтукка, кысымга алууга жана басмырлоого эрдик менен чыдап көтөрүштү, бүгүн биз толук кандуу чиркөө жашоосун жаратып жана өнүктүрүп жаткан пайдубалды түптөштү”, - деп белгиледи өз сөзүндө Казакстан Православ Чиркөөсүнүн Башчысы.

Андан ары комиссиянын ишин анын төрагасы – Павлодар жана Экибастуз епискобу Варнава улантты. Өзүнүн баяндамасында архипастырь катышып жаткандарга Орус Православ Чиркөөсүнүн 2011-жылдын 5-6-декабрдагы Ыйык Синодунун токтомдоруна ылайык, ыйыктарды жана осуят айтуучуларды канондоштуруунун чен белгилерин эскертти жана даңктоо үчүн материалдарды даярдоодо ХХ кылымда дин үчүн азап чеккен дин кызматкерлеринин жана карапайым адамдардын документтерин жана биографиялык маалыматтарын кылдат изилдөө керектигин белгиледи. Улуу урматтуу Анын белгилөөсүнө ылайык, жабык архивдик документтер менен иштөөдө айрым кыйынчылыктар болууда.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөө менен, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Казакстан жана Орто Азия Митрополиттик округдарынын канондоштуруу боюнча комиссияларынын ортосундагы кызматташтыктын пункттарын белгиледи. Анын пикиринде жумушчу топтордун конструктивдүү өз ара аракеттенүүсүн уюштурууга карата конкреттүү кадамдардын бири бирдиктүү маалымат порталын түзүү болуп саналат, анда Борбордук Азия регионунда жабыркаган ыйыктарды даңктоо чөйрөсүндөгү изилдөө эмгектеринин жыйынтыктары жайгаштырылат. Мындан тышкары, епископ Даниил чоң биргелешкен илимий-изилдөө ишин – жалпы мартирологду басып чыгаруунун болжолдуу мөөнөтүн айтты, аны 2021-жылы басып чыгаруу болжолдонууда. Ошол эле убакта иерарх бул эмгек акыркы эместигин жана мындан ары анын редакциясы жана толуктоо улантыла турганын баса белгиледи.

Иеромонах Иаков (Воронцов) кесиптештерине Астана жана Алма-Ата епархиясынын комиссиясынын 2018-жылдагы ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Петропавловск епархиясынын өкүлү С.В. Цветкова Түндүк Казакстанда иштеген дин кызматкерлеринин синодигин түзүү жөнүндө айтып берди.

В.В. Кутищев жамаатка Урал епархиясынын мартирологу жөнүндө маалымат берди.

жыйындын катышуучулары төмөндөгү темаларды талкуулашты: ыйык азап чегүүчүлөрдүн, осуятчылардын жана Казакстанда жана Орто Азияда дин үчүн жабыркаган бардык адамдардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзүү; Казакстандын архивиндеги илимий-изилдөө иштеринин өзгөчөлүктөрү, митрополит Иосифтин (Черновдун) кызматы, осуяттык жеңиши жана элдин урматтоосу жөнүндө маалыматтарды андан ары топтоо боюнча ишмердик, Кокшетауда жабыркаган Православие үчүн азап чегүүчүлөрдү даңктоо.

ХХ кылымда Казакстанда жана Орто Азия Республикаларында Христ үчүн жабыркаган иерархтардын, дин кызматкерлеринин, монахтык кылуучулардын жана карапайым адамдардын эстелигин канондоштуруу жана түбөлүк сактоого тиешелүү маселелердин кеңири спектры боюнча пикир алмашуу орун алды.

Материалды Казакстан Республикасындагы Митрополиттик округдун пресс-борбору берди.

 









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.