Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунда Кыргызстандын улуттук маданияты күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

  12 декабря 2018   На русском
В духовно-просветительском центре Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялось торжественное мероприятие, посвященное Дню национальной культуры Кыргызстана

2018-жылдын 12-декабрында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин ыраазычылыгы менен Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун руханий-агартуу борборунда Кыргызстандын Улуттук маданият күнүнө жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чаранын башталышы алдында собордо Кудайга сыйынуу литургиясы аткарылды, анын өзгөчөлүгү клиросто чиркөө-славян жана кыргыз тилдеринде ыр ырдоо болду.

Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин руханий-агартуу борборунун конференц-залында Кыргызстандын Улуттук маданият күнүнө жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган концерт өттү. Салтанаттуу иш-чарада көрүүчүлөргө даректүү фильмдер көрсөтүлдү, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр окулду. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисткасы, профессор Зайтун Нарынбаеванын, президенттик стипендиянын стипендиаты, эл аралык конкурстун лауреаты, композитор Мунира Корпотаеванын, Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрүнүн жна студенттеринин аткаруусунда кыргыз классиктеринин жана Кыргызстандын заманбап композиторлорунун чыгармалары жаңырды.

Иш-чара ыйык тең апостоль князь Владимир храмынын (азыркы ыйык тең апостоль княгина Ольга храмы) мурдагы регенти Асель Чонколоеванын демилгеси менен билим берүү жана катехизация епархиялык бөлүмү тарабынан уюштурулган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.