2018-жылдын 13-декабрында, Пятидесятница боюнча 29-седмицада, апостол Андрей Первозванныйды эскерүү майрамында, епископ Даниил ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда Литургия өткөрдү.
Улуу урматтуу епсикоп менен катар Литургияда протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых кызмат өтөштү.
Сыйынуу аяктагандан кийин Епсикоп Даниил келүүчүлөргө проповедь менен кайрылып, апостол Адрей Первозванныйдын өмүрү тууралуу баяндап, архипастырлык насаатын айтты:
“Азыр биздин ишибиз – биздин апостолдорубуздун кызуу ишенимин көрүү жана алар бизге осуят кылган бул ишенимди, бул салттарды сактап калуу. Кымбаттуу бир туугандарым, сиздерди бул дүйнө үчүн сыйынууга чакырам – кишизатынын душманы бейиштин дарбазасын эч качан буза албасын. Ал эми тозоктун дарбазасын Христ талкаласын.
Биздин чиркөөлөрүбүздү куруп берген, апостолдук эрежелерди, салттарды, канондорду биз азыр билген түрүндө тараткан ыйык апостолдорго сыйынуубузду калтырбашыбыз керек. Ыйык апсотолдордун дубалары менен биз сакталып турабыз!”.