Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  17 декабря 2018   На русском
Епископ Бишкекский и Кыргызстанский Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2018-жылдын 16-декабрында, Пятидесятница боюнча 29-жумада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен катар протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой, иерей Илия Меляков кызмат өтөштү.

Сыйынуу бүткөндөн кийин епископ Даниил келгендерге проповедь менен кайрылды:

“Кымбаттуу бир туугандарым! Бүгүн биз Куткаруучудан Асмандагы Падышалыкка баруу үчүн эмне кылуу керек экендигин сураган бай жаш киши тууралуу евангелие окуусун уктук. Кудай ага жооп берди: “Колуңда бардын баарын сат, ошондо Асмандагы кенчке ээ болосуң, жана келип, Менин жолумдан ээрчи” (Лк, 18:22). Жаш киши кайгыга батты. Аны көргөн Христос Өзүнүн шакирттерине муну айтты: Кудайдын падышалыгына бай киши киргенге караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өткөнү жеңил болот. Апостолдордун “анда ким кутула алат?” деген суроосуна Кудай жооп берди: “Кишиге мүмкүн эместер кудай үчүн мүмкүн болот”.

Бул евангелие окуусу бизге эмнени үйрөтөт? Биринчи кезекте ал биздин жашообузду киши эмес Кудай башкараарын бизге үйрөтөт. Өзүнө, өз күчүнө ишенгендер дайыма уят болушат.

Биз дайыма өз жашообузда ээ болгон нерселер үчүн Кудайга рахмат айтышыбыз керек. Материалдык байлык, биздин ден соолугубуз, үй-бүлөбүз жана башкалар – биздин жеке эмгегибиз эмес, Кудайдын ырайымы экендигин унутпашыбыз керек. Эгер адам бул тууралуу эстеп жүрсө жана өзүнүн жетишкендиктери менен мактанбаса, байлыгын Кудайдан артык көрбөсө – ошондо гана ал Кудайдын Падышалыгына бара алат.

Бирок бул абдан татаал! Өзүңдүн кекирейген адатыңды жеңүү кандай кыйын! Бул дээрлик мүмкүн эмес. Аны апостолдор дагы түшүнүшкөн. Алардын таң кылуусуна Кудай жооп кылып чындыкты айтты: “Кишиге мүмкүн эместер Кудай үчүн мүмкүн болот”.

Күмөн саноону калтырып, Кудайдын ырайымын күтөлү.

Кымбаттуу бир туугандарым, баарыңарды жекшемби күнүңөр менен куттуктайм. Баарыңарга Кудайдын батасы болсун. Кудай бизди сактасын!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.