Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматчылары жана кызматкерлери епископ Даниилди архиерейлик хиротониянын жылдыгы менен куттукташты

  25 декабря 2018   На русском
Духовенство и сотрудники Бишкекской и Кыргызстанской епархии поздравили епископа Даниила с годовщиной архиерейской хиротонии

2012-жылдын 23-декабрында Калининград шаарындагы Куткаруучу Христ кафедралык соборунда Москва жана жалпы Орустун ыйык Патриархы Кирилл тарабынан владыка Даниил пеископтукка хиротондолгон.

2018-жылдын 23-декабрында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин архиерейлик хиротониясына 6 жыл толду.

25-декабрда владыка Даниилди куттуктоо үчүн Бишкек епархиясынын жетекчилери жана кызматкерлери келишти.

Келгендердин баарынын атынан куттуктоо сөздү епархиянын катчысы иерей Алексий Сыромятников сүйлөдү:

 «Улуу урматтуу, кымбаттуу биздин владыка Даниил!

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматчыларынын, монахтардын жана дин жолундагы карапайым кишилердин атынан Сиздин Архирейлик хиротония күнүңүз менен чын дилден куттуктообузду кабыл алып коюңуз!

Сиз кабыл алган Ыйык Духтун толук тартуусу клир жана ишенимдүү паства үчүн Христтин Жүзүмканасынын сактоочусун жана жаратуучусун алып келди. Сиз “Кудайдын тартуусун алуу менен” (2Тим. 1:6) жана Жаратуучуга чын дилден күйүү жана терең ишенүү менен “башкаларга үлгү болуп” (2Фес. 3:9) архипастырдын оор жүгүн көтөрүп, биздин жергебиздеги Православиенин кооздугун жана чындыгын далилдеп келесиз. Сиз Кудайдын эли Христти сүйүп, жакынына камкор болсун үчүн, “такыба, таза жана адептүү жашасын” (Тит. 2:12) деп кам көрүп турасыз. 

Терең урматтоо менен жана Сиздин аталык камкордугуңуз үчүн ыраазычылык билдирүү менен, дуба кылып Улуу урматтуу Сизге күч-кубат жана руханий сергектик, Сиздин жооптуу архипастырлык эмгегиңизге Кудайдын чексиз жардам берүүсүн тилейбиз!”.

Куттуктоо сөздөр бүткөндөн кийин епископ Даниил чын дилден ыраазылыгын билдирди жана бүгүн анын майрамдык кубанычын бөлүшүп турган епархиянын ар бир кызматкеринин эмгегин баса белгилеп кетти.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.