2018-жылдын 25-декабрында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев приделинде Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмүндө камкордукка алынган эң кичине наристе Софияга Таинство крещения өткөрдү.
Бүгүн наристенин төрөлгөнүнү 3 жума болду, социалдык бөлүмдүн жетекчиси Иванова Елена Юрьевна наристенин кресттүү энеси болуп калды.
10-декабрда Софияны апасы менен бирге борбор шаардын төрөт үйүнөн чыгарып келишкен. Ошондон бери бул кичинекей үй-бүлө Кайрымдуулук үйүндө, убактылуу балдар бөлмөсүнө айланган оор оорулуулар үчүн палатада жашап турат.
Азыркы убакта епархиянын социалдык бөлүмү долбоор – кош бойлуу аялдар үчүн “Надежда” кризистик приютун даярдап жатат. Долбоор жүзөгө ашырылган учурда эне-бала атайын жайга көчүрүлөт.