Престольный майрамында епископ Даниил такыба Иоанн Кронштадтский храмында Литургия өткөрдү

  02 января 2019   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме святого праведного Иоанна Кронштадтского

2019-жылдын 2-январында, Элүүлүк боюнча 32-жумада, такыба Иоанн Кронштадскийди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Манас айылындагы храмда Литургия өткөрдү.

Улуу урматтуу менен катар протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр Путиев, протоиерей Игорь Дронов, Иоанн Кронштадтский храмынын башчысы протоиерей Андрей Борисенко, иерей Георгий Дворовой, иерей Евгений Циклаури кызмат өтөштү.

Сыйынуунун соңунда храмдын айланасына кресттик жүрүш өткөрүлдү, даңктоо ырлары ырдалды жана ыйык Иоанн Кронштадтскийге дуба окулду.

Сыйынуудан кийин башчы Даниил храмдын келүүчүлөрүнө жана престольный майрамына келген зыяратчыларга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Бүгүн биз баарыбыз ыйык такыба Иоан Кронштадскийди эскерүү майрамын белгилеп жатабыз. Бул такыба киши Христтин динин таратуучу улуу инсан болгон. Ал Христтин жарыгына нурланган киши болгон жана ушул жарыкты өзүнө кайрылгандарга чачып, аларга материалдык жана руханий жардам берип турган, азыр дагы өзүнүн дубалары менен биздин Куткарууга бара турган жолубузга жарык берип турат. Бүгүн биз жашообуздагы эң башкы нерсени жасадык – Литургия өткөрдүк. Биз причастиеде биздин кудайдын ыйык тартууларын – нан менен шарапты, Анын Денеси менен канын кабыл алган учурда – кудайдын Өзүн кабыл алабыз”.

Улуу урматтуу епископ Иоан Кронштадский храмынын башчысы жана Бишкек округунун башчысы протоиерей Андрей Борисенкону, анын үй-бүлөсүн, храмдын келүүчүлөрүн майрам менен куттуктады жана баарына бекем ден соолук, ак иштерине кудайдын жардам беришин каалады. Башчы акыркы Синоддун отурумунда благочиндерге тиешелүү чечим кабыл алынганын жарыялады. Алар өзгөчө сыйлыкка – өз округунда сыйынууну ачык дарбазалар менен кызмат өтөө укугуна ээ болушту. Бул митра алгандан кийинки улуу сыйлык. “Ошондуктан Андрей ата Сизди благочин катары куттуктайм жана Сизден ачык падыша дарбазасы менен миссионердик дагы, агартуучулук дагы кызмат өтөй берүүнү суранам, кишилер сыйынууну көрүшсүн, аны түшүнүшсүн, аңдап сезишсин. Падышанын дарбазасы ачык болгондо – кишилерге бул айкын жана түшүнүктүү болот”. Башчы Даниил Андрей атанын социалдык бөлүмүндөгү формалдуу эмес, чын жүрөктөн чыккан кызматын өзгөчө белгилеп кетти: “Сиз жардамга жана түшүнүүгө муктаж болгон кишилерди сүйөсүз”.

Асмандагы сактоочусу такыба ыйык Иоанн Кронштадский болгон социалдык бөлүмдүн кызматкерлерин майрамы менен куттуктап жатып башчы өзгөчө белгилеп кетти: “Мен бүгүн силердин бөлүмдү социалдык деп атагым келбейт – бул ушундай светтик сөз, мен силерди бир туугандар бөлүмү деп атагым келет, православдарча – кайрымдуулуктун кызматчылары дегим келет”. Улуу урматтуу социалдык бөлүмдүн ишинин оорчулугу негизинен аялдарга жүктөлгөнүн баса белгиледи. “Кайрымдуулук деген эмне – биринчи кезекте – бул ички катаалдык. Кайрымдуулуктун кызматчылары кишилердин мүдөөлөрүнө баарынан жакын болушат, алар ар бир киши менен иштешет, кээде бул иш өтө татаал жана оор болот. Алар кишилерге руханий насаат беришет, аларга биринчи кезекте кудай менен болууну сезип-билүүнү үйрөтүшөт. Кайрымдуулук иштери аркылуу алар Христтин жарыгын таратышат”. Башчы Даниил бөлүмдүн башчысына жана кайрымдуулук кызматчыларына Кудайдын алдында – алардын ыйык камкорчусу – ыйык такыба Иоанн Кронштадскийдин колдоосун жана дубасын каалады.

Сөзүнүн соңунда башчы Даниил баарына собордук сыйынуу үчүн ыраазылык билдирди, кудайдын ырайымын каалады жана орустун улуу ыйыгы – жалпы орус батюшкасы – Иоанн Кронштадскийдин дубасын тиледи.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.