2019-жылдын 6-январында, Элүүлүктүн 32-жумасында, Христостун Туулган күнүнүн алдында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил улуу князь Владимир соборунда Литургия өткөрдү.
Орус Православ Чиркөөсүнүн сыйынуу Уставына ылайык, Христостун Туулган күнүнүн алдында святитель Улуу Василий литургиясы өткөрүлөт, бул литургия бир жылда он жолу гана өткөрүлөт. Бул күнү Ветхозаветный паремияларды, Апостолду жана Евангелия окуу менен майрам алдындагы кеч салтанаттуу түрдө өткөрүлдү, алар аяктаганда - ыр ырдалды. Андан кийин Улуу Кечки сыйынуу менен бириктирилген святительУлуу Василий литургиясы өткөрүлдү.
Улуу урматтуу менен катар протоиерей Валентин Никонов, Владимир соборунун башчысы протоиерей Алексей Зайцев, иерей Георгий Дворовой, иерей Николай Пелых кызмат өтөштү. Сыйынуунун жүрүшүндө, башчы Даниил Рождествонун урматына иерей Николая Пелыхты крест менен сыйлады.
Сыйынуу аяктаганда Улуу урматтуу келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылып, келе жаткан Христостун Туулган күнү менен куттуктап, алдыда турган улуу майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берди.