Епископ Даниил «Тайна Рождества» камералык музыканын концертине барды (+ВИДЕО)

  11 января 2019   На русском
Епископ Даниил посетил концерт камерной музыки «Тайна Рождества» (+ВИДЕО)

2019-жылдын 10-январында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында «Тайна Рождества» майрамдык камералык музыка концерти өттү.

КР эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиевдин жетектеген Чүй камералык оркестри ар башка замандагы – Барокко доорунан тартып заманбап чеберлерге чейин музыканын шедеврлерин аткарып беришти. Хор жамааттары – Бишкек шаарындагы Ыйык-Владимир соборунун Чакан Архиерейлик хору жана князь Владимир атындагы мектептин жамааты салтанаттуу храм ырларын жана майрамдык ырларды жана колядкаларды мыкты аткарып жатышты.

Рождествонун жомоктогудай атмосферасында көрүүчүлөр менен бирге концерттин ардактуу меймандары– КР Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Эркинбеков Алтынбек Эркинбекович, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил, Кыргызстандагы католик чиркөөсүнүн апостолдук администратору отец Энтони Каркоран, Евангелиелик Чиркөөлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Шумилин Александр Викторович дагы кубанып турушту. Диний уюмдардын диний жетекчилери жана мамлекеттик ишмерлер иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулганын жана бул окуя конфессиялар ортосундагы диалогдун алкагында маанилүү экендигин белгилеп кетишти. Епископ Даниил сахнага чыгып, көрүүчүлөрдү жаркын майрамы менен куттуктады. Сахнага ошондой эле куттуктоо сөздөрү менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, католик жана протестант кофессияларынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Христтин Рождествосунун ыйык күндөрүн жалпы христиан дүйнөсүнүн достук ыры даңазалап турду: Христос төрөлдү! Славите!

P.S. Концертке алгачкы жолу катышып жаткан ыйык князь Владимир мектебинин балдар жамаатын көрүүчүлөр өзгөчө жылуу, рождестволук кубануу менен кабыл алышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.