Бишкек епархиясында II Рождестволук жолугушуу өттү

  12 января 2019   На русском
В Бишкекской епархии прошли II Рождественские встречи

2019-жылдын 10-январында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Диний-агартуу борборунун конференц-залында башкаруучу архиерейдин батасы менен Рождество окууларынын алкагында епархиянын православдык жалпы билим берүүчү жана жекшембилик мектептеринин балдары үчүн II Рождестволук жолугушуу өттү. Майрам рождестволук тропарды жалпы ырдоо жана билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы протоиерей Андрей Кунавиндин учурашуу сөзү менен башталды.

Иш-чарага епархиянын жети приходунан келген 100гө жакын бала катышты. Майрамды уюштурууга жана өткөрүүгө Рождество Пресвятой Богородицы храмынын жекшембилик мектебинин директору Лариса Эмильевна Яковлева чоң жардам берди. Ал иштеп чыккан сценарийге «Божья коровка» жекшембилик мектебинин тарбиялануучулары аткарган рождество темасындагы постановкалар, башка приходдордун балдарынын жамааттык номерлери кирди. Майрамда рождестволук колядкалар айтылып, балдар сценкаларды көрсөтүп, ырдап, ойноп, конкурстарга катышты.

Рождестволук жолугушуу эмоцияларга бай болду. Балдар өздөрүнүн чыгармачылыгы менен төрөлгөн Кудай-баланы даңазалашты жана убакытты көңүлдүү өткөрүштү. Майрамдык иш-чаранын соңунда бардык жамааттар дипломдор жана «Куликовский» кондитердик үйүнүн таттуулары менен сыйланышты.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.