Ленинград блокадасын бузуунун 75 жылдыгы. Ошто митинг-реквием өттү

  19 января 2019   На русском
75-ая годовщина прорыва блокады Ленинграда. В Оше прошел митинг-реквием

Ленинград блокадасынын катышуучуларын эскерүү менен Ошто митинг-реквием өттү. «Светоч» Православ чиркөө-приходдук мектебинин окуучулары, «Наследие» аскердик-патриоттук клубу, Оштогу РФ башкы консулу Роман Свистин, Россия илим жана маданият борборунун өкүлү иш-чарага катышты. Иш-чаранын катышуучулары Өчпөс От мемориалына гүл коюшту. Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулу Роман Свистин Ленинград блокадасы жана ал жөнүндө эскерүү абдан маанилүү экенин белгиледи. Курчоого алынган Ленинградды коргоо – адамдын чыдамдуулугунун, эрдигинин, сабырдуулугунун жана кайраттуулугунун легендарлуу үлгүсү, ал келечек муундун эсинде түбөлүк калат.

Оштогу   «Россотрудничества» өкүлү Василий Николаевич Алексеев белгилегендей, адамдар “галочка” үчүн эмес, мажбурлоо менен эмес, жүрөгү жана жан дүйнөсү менен блокадачыларга гүл коюуга келишти.

 «Жыл ичинде бүткүл дүйнө үчүн, өзгөчө мурдагы Советтер Союзунун жашоочулары үчүн ыйык болгон даталар бар. Мындай даталардын бир – Ленинград блокадасын бузуу. Ал кезде адамдар баштан кечирген күндү Кудай эч бир жанга көрсөтпөсүн. Ачкачылык, адамдар каза болгон, жей турган эч нерсе жок эле», - деп белгиледи Василий Николаевич. Ленинград блокадасы 1943-жылдын 18-январында бузулган, шаар бир жылда кийин – 1944-жылдын 27-январында толук бошотулган.  Улуу Ата мекендик согуш жылдары блокадалык Ленинграддан Кыргыз ССРине 16 миңден ашык адам, анын ичинде 3,5 миң бала эвакуацияланган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.