Чокунуу арапасында епископ Даниил Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жана Сууга ыйык касиет киргизүү чинин аткарды

  19 января 2019   На русском
В Крещенский сочельник епископ Даниил совершил Божественную литургию и чин Великого освящения воды во Владимирском соборе

2019-жылдын 18-январында, Элүүлүктүн 34-жумасында, Чокунуу арапасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостолдук улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу Урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой, иерей Олег Белотуркин, иерей Илья Меляков, иерей Александр Аношкин.

Литургия аяктагандан кийин башчы Даниил Сууга ыйык касиет киргизүү чинин аткарды. Андан соң чиркөөгө келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:

«Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар бүгүн Сууга ыйык касиет киргизүү чини аткарылды. Бардык кийинки күндөрү храмдарда сууга касиет киргизилет. Бул ыйык – касиет киргизилген агиасманы алууну каалаган ар бир адам ага ыраазычылык менен мамиле кылышы керек. Андан ары бир жыл ичинде бул сууну пайдаланыңыздар, аны жертөлөгө сактабаңыздар. Аны сыйынуу менен өз үйүңүзгө себиңиз жана сууну Жаратканга сыйынуу жана ыраазычылык айтуу менен ичиңиз. Сууну чарбакка, үй жаныбарларына чачыңыз, анткени агиасмада бериле турган Ыйык Рухтун жыргалы бардык Кудайдын жараткан нерсесине кайрылат. Бул күндөрү жыргал, жакшылык сууда болот, анткени Жараткан Иорданда сууда чокундурулган.

Чокунуу суусун эртең менен, ачкарын сыйынуу жана ыраазычылык билдирүү менен ичүү керек. Кудай силерди колдосун! Кудайдын көрүнүшүнүн жана биздин Жараткан Иисус Христти чокундуруунун улуу майрамы менен куттуктайм!»




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.