Россиянын илим жана маданият борборунда ыйык князь Владимир мектебинин окуучуларынын жана борбор шаардын мектептеринин окуучуларынын жолугушуусу болду

  24 января 2019   На русском
В Российском центре науки и культуры состоялась встреча учеников школы святого князя Владимира и учеников столичных школ

2019-жылдын 23-январында ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары педагогикалык жамаат менен бирге Россиянын илим жана маданият борборуна ((РИМБ) (Роскызматташтыктын өкүлчүлүгү) борбор шаардын мектептеринин окуучулары менен жолугушуу үчүн келишти.  Жолугушуу Роскызматташтыктын “Орус дүйнөсү” долбоорунун жана Владимир мектебинин “Маданияттардын диалогу” долбоорунун алкагында өттү.

РИМБнын холунда Владимир мектебинин окуучулары чакыруучу тараптын укугунда эки мектептен келген балдарды жана окутуучуларды тосуп алышты жана аларды кабыл алуу залына коштоп барышты.

Иш-чараны ачып жатып Владимир мектебинин директору Аристова Светлана Ивановна Кыргызстанда жүзгө жакын улуттардын өкүлдөрү жашап тураарын, алардын ар биринин бай маданий мурастары, салттары жана каадалары бар экендигин белгиледи. “Биз ар башка элдердин маданияты, дини жана тиричилиги менен таанышканда – көптөгөн жаңы нерселерди билебиз жана бардык кишилерде өзүнчө улуттук айырмачылыктар бар болгонуна карабастан, көптөгөн окшоштуктар жана жалпычылыктар бар экендигин көрөбүз. Бул бизге ынтымактуу жана тынч жашоого, бири-бирибиздин уникалдуу каада-салттарыбызды урматтоого мүмкүндүк берет”.

Иш-чаранын алкагында Владимир мектебинин балдары шаардын мектептеринин окуучуларын Христтин Рождествосун православдык майрамдоонун салттары менен тааныштырышты – бул майрамдын маанисин жана кантип өткөрүлөөрүн, ага кандай даярдык көрүлөөрүн жана  мындай кубанычтуу күндөрү кишилер бири-бирин кантип куттукташаарын айтып беришти. Жолугушууда балдар табышмак айтышып, бирге ойношту, Рождестолук балаты кандай кооздолоору жана ал жаңы жылдык балатыдан эмнеси менен айырмаланып тураары тууралуу ой жүгүртүштү. Башка мектептердин окуучулары Рождестволук святкалар тууралуу – өзгөчө кубанычтуу күндөр жөнүндө билишти, бул күнү динге ишенген кишилер бири-бири менен бөлүшүп жана кайрымдуулук иштерин жасашаарын угушту. Бул күндөрү белек берүү жана жашоонун кыйынчылыгына кабылган адамдарга жардам берүү жакшы салт экенин, ал ми Владимир мектебинин окуучулары Беловодск балдар үйүнө жардамга барышканын айтышты.

Бирге ойноо менен ар башка улуттагы жана диндеги балдар алардын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар экенин билишти. Мусулмандар жана христиандар орозо, пост тутушаарын, майрамдарды белгилешээрин, өзгөчө майрам күндөрү кайрымдуулук иштерин жасашаарын билишти.

Жолугушууну аяктап жатып Владимир мектебинин 2-8-класстарынын балдары Рождестволук ырларды жана колядкаларды аткарышты. Ушул учурда залда өзгөчө атмосфера өкүм сүрүп турду. Светлана Аристованын айтканы боюнча, бул ырлар шаардын мектептеринин айрым окуучуларына, айрыкча кыздарга өзгөчө таасир берип жатты, алар ырлардын “өзгөчө салтанаттуу экендигин”, “обондордун көркөмдүгүн жана байлыгын” белгилеп жатышты.

Көңүлдүү, достук маанайда өткөн жолугушуудан Бишкектин үч мектебинин 60ка жакын окуучулары жана педагогикалык жамааттары көп нерселерди билип, унутулгус таасирлерди алышты.  Ал эми өткөн иш-чаранын башкы натыйжасы Борбор Азия регионунда көп кылымдардан бери орун алып келген улуттар аралык жана диндер аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактап туруу маанилүү экендигин түшүнүү болду.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.