Үч святителди эскерүү майрамында епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  12 февраля 2019   На русском
В празднование памяти трех святителей епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 12-февралында, Пятидесятница боюнча 38-седмицада, ааламдын окутуучулары жана святителдери Улуу Василийди, Григоий Богословду жана Иоанн Златоустту эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу урматтуу менен бирге сыйынгандар: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиев), иерей Георгий Дворовой.

Литургиядан кийин святителдерге арналып даңазалоо ырларды жана епископ Даниил келгендерге архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Бүгүн биз ыйык святителдер Улуу Василийди, Григорий Богословду жана Иоан Златоустту эскерип турабыз, алар Кудайдын сөзүн үйрөтүп, Христтин жолун көрсөтүү менен өмүр өткөрүшкөн. 4-5-кылымда, арианчылык ересь жана диний күрөштөр күчөп турган өтө оор заман болгон. Бул мезгилде Византия империясынын дээрлик баарын ересь каптап кеткен. Бирок биз бүгүн эскерип жаткан святителдер бар эле, алар бул соборлордогу православиенин тазалыгын сактап калышкан.

Бүгүнкү Евангелиеде Христтин жарыгы баарына арналган деп айтылат, ал жарык бизге жол көрсөтө берсин. Биз көп учурда курулай намыс менен караңгылыкта адашып жүрө беребиз. Христтин жарыгын албаган биздин күңүрт жашообуз куру намысты ээрчип, бизди өлүмгө алып барат. Христтин святителдеринин элеси биз үчүн жаркын мисал боло алат, Христ биздин жаныбызда, биздин жүрөгүбүздө болгон учурда биздин жолубузга дагы жарык берип, жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү жана ойлорубузду эч ким кирдете албайт.

Биз өкүнүп, кечирим сураганда жан дүйнөбүз тазарып, эркиндикке чыгып куру намысты ээрчиген ересь менен бөлүнүүдөн арылабыз. Куру намыс бардык күнөөлөрдүн энеси болот. Христтин святителдери биринчи кезекте дал ушул куру намыска каршы күрөш жүргүзүшкөн”.

Өзүнүн проповединде епископ Даниил святителдердин - Улуу Василийдин, Григорий Богословдун жана Иоан Златоусттун жогорку диний иш-аракеттерин баса белгиледи, алардын Христтин чыныгы жолун жолдогон жашоосунда болгон айрым окуяларды айтып берди.

Улуу урматтуу Епископ  азыркы убакта өткөн замандагы улуу инсандардын улуу иштерин эч ким кайталай албай турганын белгиледи. Бирок Кудайга сыйынуу жана кечирим суроо аркылуу адамдын өзүнүн ичиндеги күнөөлөр – куру намыс, көрө албастык, кекирейүү, аша чаап сүйлөө менен күрөшүүгө болоорун айтты.

“Ошентип, кымбаттуу бир туугандарым, Христтин святителдерин эскерүү бизге кандай жашоо керек экендигине, эмнеден баштап жана Христтин жолуна кантип түшүү керек экендигине үлгү болот. Баарыңарды ыйык эскерүү күнү менен куттуктайм, причастниктерди Ыйык Христтин Сырларын кабыл алышы менен куттуктайм, Баарыбызга Кудай жар болсун!”.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.