Биздин жараткан Иисус Христти храмга алып келүү. Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  15 февраля 2019   На русском
Сретение Господа нашего Иисуса Христа. Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 15-февралында, Элүүлүктүн 38-жумасында, Биздин жараткан Иисус Христти храмга алып келүү (Сретение Господа) майрамында Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиёв), протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Илия Меляков.

Сретение Господа майрамы күнү, кудайга сыйынуунун аркасында дароо эки олуттуу окуя болду. Епархиянын социалдык бөлүмүнүн ыктыярчысы Марина Старикова мээримдүүлүк айымы наамын жана сестра формасын кийүү укугун алды. Улуу урматтуу Башчы мээрман айырмы жакындарына кызмат кылууга үгүттөдү.

Андан кийин, Улуу жүрүш убагында башчы иерей хиротониясын аткарды.

Владимир Ступников ата дин кызматкери катары аныкталды.

Кудайга сыйынуудан кийин Сртенеие Господа майрамынын улуулугу даңазаланды, андан кийин  иерей Георгий Дворовой амвондон Улуу Урматтуу Москва жана бүтүндөй Орус Патриарзы Кириллдин Православ жаштар күнүн майрамдоого карата кайрылуусун окуду.

Кудайга сыйынуу литургиясы аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарды улуу ондон экилик Сретение Господа майрамы менен куттуктады жана аларга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

 «Бул күнү биз Иосиф Обручник жана Дева Мария өзүнүн тун уулун Жаратканга Тааныштыруу жана иудей мыйзамына ылайык курмандык чалуу үчүн, 40 күндүк Куткаруучу менен бирге храмга келгендеги окуяны эскеребиз. Храмда Иосифти жана Кудай Энени Ымыркайы менен эки өзгөчө адам – улгайган Симеон, кийин аны Богоприимец деп аташкан жана такыба Анна тосуп алышкан. Ошондо Симеон үч жүз жашка чыккан. Жаш кезинде ал 72 чечмелөөчүнүн катарында Ыйык Китепти еврей тилинен грек тилине которууга катышкан. Текстте ал «Дева курсагына көтөрүп Уул төрөйт, жана Ага бул ысым ыйгарылат: Еммануил» (Ис.7:14) деген алдын айтылган сөздөрдү кездештирген. Дева төрөй ала турганынан шектенип, ал Дева сөзүн Аялы сөзү менен алмаштырып коюуну каалайт, бирок ушул учурда Жараткандын Периштеси көрүнөт. Ал китеп жазуучунун калемин кармап жана деп өтүнөт: «Жазылган сөздөргө ишен, алар аткарыла турганына өзүн ынанасың, Таза жана Аруу Девадан төрө турган Жараткан Христти көрмөйүнчө өлбөйсүң». Периштенин бул сөздөрү аткарылып – ондогон жылдар өтөт, ал эми Симеон жашай берет. Күн сайын ааламга Девадан төрөлгөн Мессия качан келет деп күтөт.

Ал 360 жашка чыкканда, Ыйык Рух аны Иерусалим храмына алып келет. Ыйык Симеон Ымыркай Христти колуна алып, деп айтат: «Жараткан өз сөзүң боюнча эми кулуң тынч өлө берсе болот. Анткени сен караштырган куткарууну, бүт элдердин көз алдында даярдаган куткарууңду, көрдүм. Бул — элдерди каптап турган караңгылыкты жок кылуучу жарык, Израил элиңдин даңкы (Лк 2, 29-32). Мария жана Иосифге батасын берип, ал деп айтат: Израилде көптөрдүн кулашына, көптөрдүн кайра турушуна себепкер болот жана Сенин Өзүңө жүрөгүңө чоң кылыч сайылгандай болот». (Лк 2, 22-35).

Бул убакта храмда такыба Анна да болгон. Ал тууралуу Евангелияда төмөндөгүдөй айтылган: «Бул жерде өтө улгайган, күйөөсү менен жети жашынан тартып жашаган, сексен төрт жаштагы жесир Фануиловдун кызы Анна дагы болгон, ал храмдан кеткен эмес, Кудайга кызмат кылып күнү-түнү сыйынган. Ошол кезде ал жакын келип жана Иерусалимде көптөр күткөн Ал тууралуу айткан». (Лк 2, 36-38). Ошентип улу окуя – Сретение Господа аткарылган. Бул өңдүү ар бирибиз бир ирет Жараткан менен кездешебиз жана ар бир адам үчүн бул уникалдуу жана таң калыштуу окуя. Ушул учурдан тартып биз үчүн Жараткан менен жанаша болгон таптакыр башка жашоо башталат. Мындай жолугушуудан кийин ал христианин катары жашоого умтулат – ал Чиркөөгө умтулат, тобо кылууга муктаж болот».

Башчы Жараткандын артынан түшүүнү каалаган адам сүйүүгө толуп турушу керек, ал эми ал биз осуяттарды аткарып, Чиркөөдө болуп, Асманга күнөөдөн арылуу үчүн кайрылуу менен сыйынып, ишенимге ээ болгондо мүмкүн болот. «Өз өмүрүбүз менен биз бир ирет Жараткан биз менен жолугушууда берген тартууну көбөйтүшүбүз керек».

Андан ары Улуу урматтуу Ал Владимир Ступников атаны дин кызматкери катары таанылышы менен куттуктады жана ага архипастырлык насаатын айтты: «Владимир ата, боорукер, берешен, пастваны жүрөгү менен сүйгөн пастырь бол, ошондой Жараткан сага улуу жыргалчылыкты тартуулайт, ал дайыма сени менен болот. Өмүрүңдүн акырына чейин адамдарды Кудайга алып келе турган пастырь болушуңду каалайм».

Сөзүнүн аягында башчы Даниил келген адамдарга батасын берип жана баарына тынчтыкты жана Кудайга бекемдикти каалады.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.