2019-жылдын 16-февралында, Элүүлүктүн 38-жумасында жана өзүнүн туулган күнүдө Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Ступников.
Биздин башчыбыз, Семен Кузнецов, 1980-жылы 16-февралда Киров облусунун Омутнин районунун Черная Холуница кыштагында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган. Архиерей хиротониясына карата өзүнүн жолун ал 21 жашында диакон катары аныкталганда баштаган. Саратов диний семинариясында окуган. Ар кайсы убакта Вятка епархиясынын храмдарында диакон дагы, пресвитер, благочинный жана башчы болуп кызмат өтөгөн.
2008-жылдын 20-апрелинде ыйык Даниил Переяславскийдин урматына Даниил ысымы менен монахчылыкка киришкен. Киров шаарындагы Трифонов эркектер монастрында игумен Иов (Муравьев) монах кылган. Алгач Вятка диний окуу жайында проректор, андан кийин ректор болуп иштеген. Ыйык Синоддун 2012-жылдын 4-октябрындагы аныктамасы менен (журнал № 92) Уржум жана Омутнин епискобу болуп дайындалган (Вятка митрополиясы). 2012-жылдын 30-ноябрында епископ болгон, ал эми 23-декабрда Калининград шаарындагы Куткаруучу Христ кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясы менен хиротонисан болгон. Кудайга сыйынууну Москва жана бүтүндөй Орус Патриархы Кирилл жетектеген. Ыйык Синоддун 2014-жылдын 25-июлундагы чечими менен Бишкек жана Кыргызстан епискобу болуп дайындалган.
Башчынын архипастырлык ишмердиги Владимир соборун куруунун жана Ыйык-Воскресенск кафедралык соборун реконструкциялоону аяктоо менен башталган. Ал Бишкек епархиясын жетектеп турган убакта бир катар чиркөөлүк жана светтик долбоорлор жүзөгө ашырылды.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүгүүнө салымы үчүн 2017-жылы Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил «Достук» ордени менен сыйланган.
Кымбаттуу башчы Даниил чын жүрөктөн жана Кыргызстандын бардык православ жашоочуларынын атынан Сизди Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сизге жакшылык каалайбыз!