Кыргызстанга Яранск жана Луза епискобу Паисий сапар менен келди. Эки архиерей Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү

  25 февраля 2019   На русском
В Кыргызстан с визитом прибыл епископ Яранский и Лузский Паисий. Два архиерея совершили Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 24-февралында, адашкан уул жөнүндө жумада, Бишкек жана Кыргызстан епсикобу жана Кыргызстанга бир туугандык сапары менен келген Яранск жана Луза епискобу Паисий Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү.

Башчылар менен бирге кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Петр  (Путиев), иеромонах Давид Сивер, иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Ступников.

Литургия бүткөндөн кийин башчы Даниил соборго келгендерге епископ Паисийди тааныштырды жана Кыргызстанга келгени үчүн ыраазылык билдирди. “Епископ Паисий Киров облусунда жайгашкан жана он төрт районду камтыган Яранск епархиясынан келди. Бул райондордун айрымдарына азыркы күнгө чейин жетүү абдан кыйын “Башчы Паисийдин экинчи кафедрасы Түндүктө, Лузада жайгашкан. Мен ал жерге Коми-Премь крайы аркылуу баргамын, Лузага жетүү үчүн 700 километр айланып жүрүү керек экен, преподобный Устьнедумскийди эскерүү майрамына катыштым. Ал жерде көптөгөн православ кишилер жана храмдар бар. Ал жерде жашаган кишилердин баары сыйынып турушат экен. Ошондуктан Башчы, Сиздин татаал жана жоопту кызматыңызды өтөөгө бекем ден соолук каалайм”.

Андан кийин башчы Паисий сөз сүйлөдү. Чакырганы үчүн епископ Даниилге ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга үчүнчү жолу келгенин айтты, алгачкы жолу Кыргызстанга келгенде алган таасирлерин бөлүштү. “Бул абдан берекелүү жер экен, алгачкы ирет келгенде мен бул жерде православдар көп болот деп күткөн эмесмин. Тез-тез келбегендиктен болсо керек, ар бир жолу келгенде көп нерсе жакшы жагына өзгөрүп бара жатканын байкап жүрөм. Ушул кафедралык соборду мурда храм деп айтыш дагы кыйын болчу, азыр чыныгы соборго айланыптыр, көрктөндүрүп жатыпсыздар. Сиздердин аба ырайы дагы таң калтарып, кубандырып турат экен. Биздин түндүктүн чен-өлчөмү менен караганда май айындагыдай аба болуп турат. Биз мындай жылуу күндөргө жетиш үчүн дагы бир топ убакыт өтөт. Андыктан биз сыйынуу үчүн гана эмес, сиздердин күн менен абадан жылуулук алуу үчүн дагы келдик. Мындай берекелүү жерде ыйык православиени сактап жүрө бергиле деп каалагым келип турат”.  Соңунда башчы Паисий епископ Даниилге жана анын жардамчыларына биргелешкен эмгектер келечекте дагы кенен жеңиш алып келүүсүн каалады.

Прихожандар менен коштошкондон кийин эки архиерей Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында сейилдеп басышты, бул убакта епископ Даниил башчы Паисийге епархиянын бөлүмдөрү тууралуу айтып берип, приходдун иш-аракеттери  менен тааныштырды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости