2019-жылдын 11-мартында, Улуу посттун биринчи жумасынын дүйшөмбү күнү, Улуу урматтуу Даниил, Бишкек жана Кыргызстан епискобу, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда ыйык Андрей Критскийдин канонун окуу менен кечки сыйынууну аткарды.
Андрей Критский канону – бул өзгөчө руханий чыгарма. Бул адамдын жан дүйнөсүнүн Кудай менен аңгемелешүүсү, ошондой эле бул дүйнө жаралгандан тартып биздин Жараткан Иисус Христтин жердеги жолдоруна чейинки библия окуялары жөнүндө эскерүү. Бардык Ыйык Жазуу ушул канондо камтылган. Эң башкысы канондо –жан дүйнө Кудайга чакырылган жана өмүр жана кечирим, оңолууну жана Кудайдын мээримин сураган анын тобо кылган руху. Бул канонду окуу менен, биз ага сүңгүп кирип, чыныгы тобо кылууну үйрөнүп жана оңолушубуз керек. Канонду окуу акылды толтурат жана насаатчылык кылат.
Тобо кылуу – бул жан дүйнөнүн абалы. Ал жөн эле жерден пайда болбойт. Руханий эмгек кылууда, ал бойго бүткөн баладай, бизде пайда болот жана акырындык менен өсөт. Кудай биздин тобо кылуубузду күтөт.