Улуу посттун биринчи жумасынын шейшемби күнү епископ Даниил Владимир соборунда ыйык Андрей Критскийдин канонун окуду

  12 марта 2019   На русском
Во вторник первой седмицы Великого поста епископ Даниил совершил чтение канона преподобного Андрея Критского во Владимирском соборе

2019-жылдын 12-мартында, Улуу посттун биринчи жумасынын шейшемби күнү Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль улуу князь Владимир соборунда Улуу тобо кылуу канонун окуду.

Андрей Критскийдин канонунда 250 ыр (тропарь) бар. Ар бир тропарь псалом кайырмасы менен аяктайт: «Мага ырайым кыл, Кудай, мага ырайым кыл». Канондун тексти кылган күнөөсү үчүн тобо кылуу сезимине толгон жана бүтүндөй ыйык Осуяттын окуяларын: Адам менен Еванын күнөө кылуусунан тартып Иисус Христтин жердеги жашоосуна чейин камтыйт. Эски осуят жана жаңы осуят сюжеттери бул жерде адамдын сезими аркылуу берилген: баяндоо биринчи жактан айтылат.

Кудай менен айрылышуу жана Аны сагынуу; кылган күнөөңдүн астында сенин алсыздыгың; такыба жашоо жана Кудайга чын дилден сыйынуу гана сени куткарып калаарын түшүнүү. Андрей Критский боюнча, бизде бейишке кайтып баруунун жана Кудай менен кайрадан биригүүнүн бир гана мүмкүнчүлүгү бар – бул тобо кылуу.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.