Епископ Даниил Орто Азия митрополитик округунун Синодунун жазгы отурумуна катышты

  22 марта 2019   На русском
Епископ Даниил принял участие в весеннем заседании Синода Среднеазиатского митрополичьего округа

Орто Азия митрополиттик округунун Синодунун ушул жылдагы биринчи отуруму 2019-жылдын 19-мартында Ташкент епархиясынын Диний-администрациялык борборунда Округдун башчысы, Ташкент жаан Өзбекстан митрополити Викентийдин төрагалыгы алдында өттү. Отурумга катышкандар: Орус Православ Чиркөөсүнүн Түркмөнстандагы  приходдорунун патриархтык благочиндиктеринин убактылуу башкаруучусу, Пятигорск жана Черкесск архиепискобу  Феофилакт, Дүйшөмбү жана Тажикстан епсикобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил.

Синоддун жыйынында 2019-жылдын январынан тартып мартына чейин Округдун епархияларынын иши чагылдырылган 14 журнал каралды. Синоддун башкы темасы канондук Украина Православ Чиркөөсүнүн айланасында болуп жаткан опурталдуу кырдаал болду. Синоддун мүчөлөрү Киев жана бүтүндөй Украинанын Улуу урматтуу митрополити Онуфрийге колдоо сөздөрү менен кат жөнөтүштү.

Жыйын аяктагандан кийин Округдун башчысы митрополит Викентий архиепископ Феофилактты келе жаткан туулган күнү менен куттуктап жана эстелик белектерди тапшырды.

Синоддун жыйынтыгын чыгаруу менен, Синоддун төрагасы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий ыйык архипастырларга ар бири өз ордунда өтөп жаткан кызматы үчүн ыраазычылык билдирди жана деп белгиледи:

«Бүгүн биз көп маселени талкууладык. Биз Орто Азия аймагындагы биздин епархиянын иши менен тааныштык. Биз бул жигердүү, маанилүү, оор эмгек экенин көрүп жатабыз. Кудайга ыраазычылык, биз өзүбүздүн паства менен болуу, өз паствабызды коргоо, бетме-бет жолугушуу, ар кандай иш-чараларга катышуу үчүн көп нерсе жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Албетте, эң башкысы – бул Кудайга кызмат кылуу. Мындан тышкары, тигил же бул майрамга арналган маданий иш-чаралар бар, бул эл менен баарлашуу үчүн өтө маанилүү. Адамдар мындай архипастырлар менен жолугушуу, алар менен баарлашуу, жакшы жооп-насаат алуу мүмкүнчүлүгү бар экенине абдан кубанычта жана ыраазы».

Ошондой эле митрополит Викентий Синоддун эң биринчи журналы Ыйык Патриарх Кириллди интрондоштуруунун 10 жылдыгына, Ыйык Патриарх Кирилл чагылдырылган Орус Православ Чиркөөсүнүн Поместиялык Соборунун 10 жылдыгына арналганын белгиледи:

«Биз 10 жыл аралыгында Чиркөө жашоонун көптөгөн чөйрөлөрүндө сүңгүп киргенин көрдүк, - деди архипастырь. – Биз Чиркөөнүн жашоосунун түзүмүн кайра уюштуруу үчүн өтө жигердүү иш жасаганы үчүн Патриархка ыраазыбыз. Айрым маселелерди динамикалуу чечүүгө боло тургандай көптөгөн багыттар түзүлдү. Биз Ыйык Патриарх башында туруп Соборлор аралык катышууда жана Жогорку Чиркөө Кеңешинин жыйындарында түзүлүп жаткан негиздүү, өтө салмактанган документтерди алабыз».

Орто Азия митрополит округунун Синодунун калган мүчөлөрүнүн атынан жооп иретиндеги сөзүндө архиепископ Феофилакт Округдун башчысына туруктуу жылуу, чын дилден кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синодунун туруктуу мүчөсү катары митрополит Викентийден дагы бир жолу Ыйык Патриарх Кириллге ишенимдүүлүктү жана ал ортоазия аймагынын православ жашоочуларына көрсөтүп жаткан көңүл буруусу жана сүйүүсү үчүн ыраазычылыкты билдирүүнү өтүндү.

Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын пресс-кызматынын маетриалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.