Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Иоанн Златоуст Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү

  23 марта 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию Иоанна Златоуста в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 23-мартында, Улуу Посттун 2-седмицасынын ишембисинде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Иоанн Златоуст Кудайга сыйынуу Литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге кызмат өтөгөндөр: архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Кусаинов.

Улуу Посттун 2-седмицасынын ишембиси

Өлгөндөр үчүн белек бекерге болбойт, сыйынуу бекерге эмес, кайрымдуулук бекерге болбойт: мунун баарын Ыйык Рух биз бири бирибизден пайда алуу үчүн орноткон.
Ыйык Иоанн Златоуст

Эрте апостолдон кийинки замандагы христиандардын мүрзөлөрүнүн плиталарында «Рухта жаша!», «Кудайда жаша!» жазуулары кездешет.

Тирүүлөрдүн мындай каалоолорунда канча кубаныч бар! Алар үчүн Кудайды сүйүп жашоодон артык эмне бар!

 «Кудайда жаша!» – өлгөндөргө жолдонгон бул каалоодо христиандар түбөлүк тирүү кудайга кошулган христиандын жанынын өлбөстүгүнө ишенүүсүн, жана тирүүлөр жана өлгөндөр Кудайдын алдында бириге турганына ишенүүсүн билдиришкен, анткени Кудай өлгөндөрдүн кудайы эмес, тирүүлөрдүн дагы кудайы болот, себеби Анда баары тирүү болушат (Лк. 20, 38).

Пенденин Кудай менен биригүүсү анын жанын кубандырат. Кудай менен биригүү ошол эле убакта христиандын башка дин жолундагылар менен баарлашуусу. Христтин жолунда болуу менен биз каза болгон туугандарыбыз, ата-бабаларыбыз, жана миңдеген жылдардан бери жерге көмүлүп жаткандар менен баарлашып турабыз. Биздин баарыбызды, тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү – Христос бириктирип турат; биз баарыбыз – тирүүлөр жана өлгөндөр – Христ менен жашайбыз. Христке ишенип жашоо кандай гана бакыт!

Бирок биз Христ менен жашайбызбы? Өкүнүчтүү, жок, жашабайбыз.

Христ жолунда жашоо үчүн жана Христ биз менен болушу үчүн бизге эмнелер керек?

Жооп бирөө: биз күнөө кылбашыбыз керек. Кудайга жакпагандардын баары “Ал жаман көргөндөрдү сен кылбашың керек (Сир. 15, 11), ал эми жашоодо “Ал жашагандай” жашашың керек. Христос биз менен болушу үчүн, Бизде болушу үчүн “Христ Иисуста болгондой сезимдер бар болушу керек (Флп. 2, 5). Бул абдан кыйын. Такыбалыктын жолун уланткандар Кудайга болгон сүйүүнү жандыруу үчүн жана Ага жакын болуу үчүн чоң күч-аракет жумшашты. Тынбаган дубаларды Кудайдын насааттарын дыкат сактоого айкалыштыруу биздин Кудайга жакын болушубузга шарт түзөт.

Биз канча көп сүйсөк, ошончо Кудайга жакын болобуз, ошону менен Кудайдын жолунда болууга жакындайбыз. “Кудайдын өзү сүйүү жана сүйгөн киши Кудай менен болот, Кудай анын жүрөгүндө жашайт” (1 Ин. 4, 16).

Ошондо гана (андан эрте эмес!) биз, тирүүлөр, көзү өткөн жакындарыбыз менен баарлашып турабыз.

Ошондо гана биз, тирүүлөр, жан дүйнүбүздөгү Христтен жарык алып, дуба кылганда башкалар үчүн кечирим сурап, жарык берүүнү, куткарууну сурана алабыз. Биздин ушул дубабыз текке кетпейт, анткени Христос Өзү аны угат, биз көзү өткөн жакындарыбыз үчүн кандай аракет менен кечирим сурап жатканыбызды, аларды ыйыктар менен катар тынчтандырууну суранып жатканыбызды көрүп, аны аткарат.

 «Адам эмнени эксе, ошону орот» (Гал. 6, 7).

Ыйыктар менен өзүңүздүн жаныңыздын жай алуусун каалайсызбы? Азыртадан, жерде жашап турганда аракет жасаңыз, такыба жашоо менен жашаңыз: Кудайдын осуяттарын аткарыңыз, садага бериңиз, Христин Чиркөөсүндө Ыйык сырларды таратыңыз, өзүңүздүн мурдагы күнөөлөрүңүздү кечирүүнү жалынып сураныңыз, Христтен бакубат жардам берүүнү өтүнүңүз, мындан кийин күнөө кылбоону сураныңыз.

Сиздин көзүңүз өткөндө башкалар дагы Сиз үчүн дуба кылышын каалайсызбы? Анда азыртадан мурда көзү өтүп кеткен кудайдын кулдарынын жанына жай берүүнү сурап дуба кылыңыз.

Башкалар үчүн кечирим сураган биздин дубаларыбыз Кудайдын алдында таасирлүү жана ишенимдүү болот, ошондо биз өзүбүз дагы Кудайдан кечирим алууга татыктуу болобуз.

Кудайым, биздин күнөөлөрүбүздү кечир! Мындан ары биздин күнөө кылуудан сакта! Сенин осуяттарың менен жашап, сенин эркиңде болууга жол көрсөт, көзү өткөндөр жөнүндө дубаларыбызды кабыл ал: алардын күнөөлөрүн кечир жана жандарын ыйыктар менен катар жай алдыр! Аминь!

www.pravoslavie.ru сайтынын материалдары боюнча




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.